Кутубузга кат келди-14

"Кутубузга кат келди" кат келди аттуу уктуруубуздун кезектеги бөлүмү.

Кутубузга кат келди-14

Урматтуу окурмандар, мурдагы программаларыбызда белгилегенибиз сыяктуу «Түркия үнү» радиосунда угармандар сиздерден келген каттарды кайра сиздерге жана башка угармандарга угузуучу «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат.

Уктаруубузду баштаардан мурда азыноолак маалымат бере кетейин.  Түркия мамлекеттик радио теле каланы-ТРТ менен Кыргызстандын коомдук теле- радио каналы-КТРКнын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында ТРТга  КТРКнын журналисттери тажрыйба алмашууга келип турушат. Ошолордун арасынан Кыргыз радиосунун  кызматкерлери Керемет Сабыржан кызы жана  Мээрим Керимкул кызы болуп келишкен. Бүгүн Керемет айымдын эскерме-аңгемесине орун беребиз.

“Түркия  мамлекетине болгон иш-сапарыбызды  ар дайым сагынуу менен эстейбиз... Мына  азыр да  аптаптуу  жай мезгили  Анкарада  өткөн күндөрдү эстетип, кайрадан ошол мезгилди саматып турат. Өзгөчө июнь айы  кирип келгенде  көбүрөөк эстеп, ай  бүткөнчө  ар бир күнүбүздү көз алдыбызга элестетип алабыз.  Себеби, Түркиянын  Анкара  шаарындагы  ТРТ теле-радио компаниясына  2015-жылдын июнь айында  кесиптешим  Мээрим Керимкул кызы экөөбүз барган элек. Кечээ жакында эле  эки жыл мурун  түшкөн  сүрөттөрдү, видеолорду, ТРТнын сайтында жайгашкан  маектешүүлөрүбүздү  көрүп  сагынычымды таратып алгандай  болдум. Бүгүн  эскерүү кат жазууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө  кубанып турам. ..

        2015-жылдын   жаз мезгили. “Июнь айында  бир айга  Түркиянын Анкара  шаарына  барып  тажрыйба алмашып келесиңер” –деген  жетекчибиздин сөзүн уккандан бери кубанычыбызда чек жок болду. Буга чейин жөн гана аты тааныш, ата-тегим көрө  элек  өнүккөн өлкөлөрдүн бирине  барып калам деп чынында ойлогон эмес элем. Ошентип билетибизди колго алып,  кете турган күнүбүз келди. Буга чейин барып келген кесиптештерибиздин ар багыттагы кеңештерин угуп, алыс сапарга камылгабызды   көрүп  алып,  аэропортко  жөнөдүк. Бизди  коллективдин жаштар  жамааты жана  өнөр дүйнөсүндөгү жакын ага,эжелерибиз коштоп  узатып барышты. Каттоо башталды. Саналуу сааттардан кийин  бир канча бийиктикке  көтөрүлүп, чоң-чоң  шаарлардын, деңиздердин, тоолордун  үстүнөн булут жиреп учаарыбызды  эстегенде  жүрөгүм  бир башкача  туйлап, толкундоом  күч алып турду. Таң агарып келе  жатканда  самолеттун  ичине  кирип оордубузга жайгаша баштадык.  Терезе тарапка  Мээрим эже  (Керимкул кызы)  отуруп, мен ортодон орун алдым. Бийиктикке көтөрүлө баштадык. Ордумдан улам козголуп терезе  жакка  бурулуп  асман мейкиндигиндеги  сүрдүү дагы,  кызыктуу дагы керемет  кубулуштарга  таңыркап  сапар  улап  бара жаттык.  Ошентип айтылуу  Стамбул шаарына  келип кондук. Таң агарып атып, жер бетинде жаңыдан кыймыл башталган экен.  Эми  Анкарага  учушубуз керек.  Жүктөрүбүздү  сүйрөп алып, самолеттон түшкөн  элдин агымы менен  кете бердик.  Буга  чейин ушул  аэропорттон  Анкарага  учуучу тарабын таппай адашкан кесиптештерибиздин окуясын эстеп  коркуп  да бара жаттык. Сураштырып олтуруп  каттоо бөлүмүнө келип  кезекке  туруп,  биз уча турган самолетту көздөй бет алдык. 1 саатка жакын убакытта  Анкара  шаарындагы  аэропортко келип кондук.  Бизди  тосуп алчу   Алмаз аганы  издеп  жөнөдүк. Тил билбегенибизден  түрк улутундагы  жарандарга колубуздагы  Алмаз аганын телефон номерине  чалып берүүсүн кол жаңсап атып түшүндүрсөк туура эмес жазып алганбызбы  айтор байланыша алган жокпуз.  Курсагыбыз ачып  эскалатор менен 2-кабатка көтөрүлүп  тамактануучу жайдан орун алдык.  Гамбургер  менен  ысык чайга буйрутма  берсек  бир маалда  коктейль  өңдүү  муз салынган суусундук алып келсе болобу!? Мындай суусундук буйрутма бербегенибизди, чай  ичкибиз келгенин жаңсап түшүндүргөндөй болдук.  Эптеп курсагыбызды тойгузуп  баягы ордубузга барып , кезектешип  отургучка отуруп уктап да алдык.  Бир нече убакыт өтүп, 3 саат дегенде   Алмаз ага жаныбызга келди. Биз дагы ал кишини  мурда-кийин  көрбөсөк дагы  алыстан дароо тааныдык.  ТРТны көздөй  бет алдык. Анкара  тоолуу, токойлуу  кооз жер экен.  Самолетко отургандан  баштап,  Алмаз ага тосуп алганга чейинки  окуяларыбызды айтып  күлүп  атып  узун жолду кыскарттык.  Бийик  заңгыраган  имараттын  ичине кирип  номерге  жайгаштык.  Баардык шарты бар  номердин  терезесинен айлананы тиктеп турдук. Көркөмдүү көрүнүшкө  көз тойбой, сулуулукка  суктанып карап, чарчаганыбыз  унутула түштү.  Түрк элинин  меймандостугу, Тарыхий жерлерге, Анкаранын кооз жайларына  болгон саякат, жаңы адамдар менен  таанышуу, биринчи күнү таңкы тамакка  барганда  өрүк экен деп  оливкадан көп салып алганыбыз...Мунун баары  эстеген сайын жагымдуу сезим тартуулайт.  ТРТ дегенде  конок үйдүн кабылдамасында отурган  жапалдаш бойлуу  Хусейин бейди  эстейм. Бизге  чейин барган кесиптеш агабыз   ал кишини  тамашалап жезде   деп атап алган экен. Ал сөздү угуп алып  биз да ар дайым  эниште  (жезде)  деп кайрылаар элек. Мындай  атаганыбызды укканда  ал киши да  жылмайып күлүп , тамашабызга тамаша менен жооп берип, балдыздарын  түрдүү  белектер менен кубантып турчу.   Тил билбесек да  болжурап көпкө сүйлөшүп отура  берээр элек.   Айтор  1 айлык  кызматтык сапарыбыз  түрдүү кызыктарга бай болду. Кыргызстандан  тосуп алып,  эринбей ар бирибизге  кайрадан иштөө  процессин үйрөтүп,  андан тышкары  көңүлдүү эс алуу уюштуруп, кайда барсак  коштоп  барып,   кайра  мекенибизге  узатып койгон  Алмаз Асанбаев  ага сизге жана  жубайыңыз Махабат эжеге,  Гүлай эжеге  ар бирибиз  терең ыраазыбыз. Биз үчүн жасаган баардык жакшылыктарыңыздарды эч качан унутпайбыз  жана  ар дайым жакшы сезим менен эстеп жүрөбүз. Ишиңиздерге  ийгилик каалап, Сабыржан кызы  Керемет".    

Урматтуу окурмандар, Керемет айымдын эскерме катына кошумча жасай кетпесем кем болуп калаар. Керемет менен Мээрим шайыр-шаңдуу кесиптештер. Алар келген күнү чарчашканбы айтор ал күнү эс алышып, эртең менен турганда ачка болуп конок үйүндөгү тамак берүүчү жайына барышат. Анан ал жактагы кызматкерлер менен баш ийкешип түшүнүшүп ушул жерден таңы тамагын жей турганын баамдашат. Абайлап табактарын алып тизилип турган үстөлдөн сыр, жумуртка, тилим-тилим колбасадан алып, аларды утурлай турган оливканы өрүк экен деп ойлошуп табактарына толтура-толтура үйүп алышат. Аларды жаңы келгени үчүн кызматкерлер эмне кылаар экен дегенсип көздүн кыгы менен байкап турушат. Үйүп алган оливканы көргөндө кызматкердин көзү төрт болот, бирок унчуга албайт. Балким алар көп жешет деп ойлогон чыгаар, алардын өрүк экен деп ойлогону менен иши жок. Бир маалда олтуруп эле даамын көрүшсө ачуу, туздалган нерсе экен. Экөө тең жей алышпай кайра алып барып беришип биринчи күнкү тамактануу ушундай өтүптүр. Анан Керемет мага Ватсаптан жазып акчасын төлөйбүзбү дейт. Мен жаңы гана жумушка келдим эле, СМСти окуй калып бир мандем болуп жатканын дароо түшүнүп жетип бардым. Анан алар жүздөрү кызарып оливка алганыбызды эч кимге айтпай эле коюңузчу КТРКга барганда кесиптештер шылдыңдашат дешти. Мен да аларга эч уялбагыла силердики башкалардыкынын жанында төө менен чычкандай эле болот. Бул кызыктуу окуя экен ар дайым эстей жүрөлү деп жооткоттум... Жана жазганымдай Керемет менен Мээрим абдан шаңдуу кесиптештер экен. Кыргыздын эски маңыздуу ырларын созолонтуп ырдашып, ар кимди таң калтырды эле. Убакыт тапкан сайын кечкисин алардын жанына барып, ошол убакта Манас университетинен тажрыйба алууга келген студент жаштарды да чогултуп алып ыр кесе уюштуруп жарпты жазчу элек. Керемет менен Мээрим бири-биринен өтүп жарыша ырдап шаңга шаң кошушчу. Студияда жаңылык окуганда да шаңдуу үнүнөн эфирибиздин көркүнө көрк кошулуп, абдан уккулуктуу болуп турчу эле. Ушундай көңүлдүү, сонун күндөр ал кесиптештер менен да өттү эле...Ишиңиздерге ийгилик каалайм...



Тектеш кабарлар