Жер шарында жашоо, бирок жер шарында болбоо (толугу)

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын «DailySabah» гезитинде жарыяланган макаласы. 01.08.2017

Жер шарында жашоо, бирок жер шарында болбоо (толугу)

Биз туш келген интеллектуалдык жана ахлактык сабак берүү булар болот; жер шарында жашоо, бирок жер шарында болбоо. Б.а. дүйнөнүн байлыгын четке какпоо дагы ага баш ийбөө дагы. Мындайча айтканда бул дүйнөдөгү жаралуу максатыбызды эч качан унутпастан жашоонун бардык жактарынан кумар алуу.

Батыштык диний жана ориенталист чөйрөлөрдө Исламга каршы багытталган сындоолордон бирөө да исламдын христиандык менен салыштырылганда дин катары дагы көбүрөөк көр дүйнөгө ылайыкташканы жөнүндө болот. Христиан полемикачылар Мухаммед пайгамбарды, Иса Месихтин тескерисинче көр дүйнөгө ылайыкташкан коомдук жана саясий карым-катнаштар менен болушунча алектенген деп билишет. Андан да тереңи Исламдын бир дин эле эмес ошондой эле идеология болгону боюнча күнөөлөшөт. Бул айтымдар жалган терминдерге жана жасалма салыштырууларга таянууда. Ислам, көр оокаттын кызматын кылбастан, бул дүйнөдө түшүнүктүү түрдө турмуш кура алуу болуп саналат.

Нерселерге жетиштүү түрдө терең олуттуулук жана баа берип, бирок акыркында Теңирдин жаратылуу планындагы майда жана маанисиз жактарын жана биздин да анын ичиндеги ордубузду билип мамиле кылуубуз акыл-эс, билимдүүлүк жана өнөрдү талап кылат. Жер шары бир жабуу сыяктуу жана көңүл ачуучу жер болуп саналат. Эч бир адам анда өзүн жоготуп койбошу керек. Адам аң-сезими жана сыймыгы бул дүйнөнүн убактылуу заманасынын үстүндө болуш керек. Ал эми Теңирдин бир искусство чыгармасы катары жер шары бир жагынан анын даңазасын, долбоорун жана кечиримдүүлүгүн көз алдыга жаят. Дүйнө жүзү өз физикалык/материалдык өзгөчөлүктөрүнүн жалпысынан көп дагы кеңири жана дагы түшүнүктүү нерсени көрсөткөн белги катары кызмат кылат. Бул дүйнө кайгынын, азаптын жана зомбулуктун булагы болушу мүмкүн, бирок бир жагынан да билимдүүлүктүн, ашыктын, достуктун, мээримдин жана кечиримдүүлүктүн да булагы. Бул да бизди ар дайым өзүбүздөн сурашыбыз керек болгон ушул орчундуу суроого алып келет; жашообузду, бул дүйнөгө моюн сундуруп койбостон кантип олуттуу жана маңыздуу түрдө жашай алабыз?

Бул бир гана терминдик маселе эмес. Айланабыздагы дүйнө менен кантип таасирлешүүдө боло турганыбызга да форма берет. Жер шарын куруу же бузуу жолдоруна формасын берет. Бул бардык цивилизациялардын жүрөгүндө жаткан көйгөй-ушунчалык татаал көйгөй болгондуктан заманбап дүйнө кантип жооп бере турганын биле албай жатат.

Классикалык мусулман ойчулдар жана илимпоздор жер шарынын физикалык чындыгын олуттуу түрдө иликтешкен, бирок эч качан аны өз ичинде жана өзүнөн чыккан, өзүн формалаштырган түшүнүккө ээ боло тургандай баамдай алышкан эмес. Жер шарынын физикалык түзүлүшүүнүн кеңири бир анализин тапкан өнүккөн жана болушунча илимий жаратылыштык маалыматты өндүрүп чыгышкан. Бирок ошентсе да анын үстүндө атайын туруп иштеген бул «жер шары» өзү өзүн ачыктаган жана өзүндө жаралуу себебин көрсөткөн бир чындык эмес эле. Физикалык дүйнөнү Кургандын «Жашоо ал дүйнө»/ «Бул дүйнөдөгү жашоо» же «Дүнүйөкор жашоо» деп аныктаган дагы кеңири масштабда иликтеген. Бул сезимтал аныктоо «дүйнө жашоосу» катары дагы оңтойлуу түрдө айтылган.

«Дүйнө жашоосу» тууралуу айтылгандар боюнча баалуулктар жүктөлгөн жакшы жана жаман принциптеринин, материалдык байлыктарда ордун тапкан физикалык жана математикалык принциптерге карата дагы көп мааниге ээ болгон байлык тармагы, карым-катнаштардын байланышы болуп саналат. Жер шары өзү жалгыз бир «нерсе» же болбосо адамдар жашаш үчүн келген бир «жер» эле эмес. Барынан мурда ахлактык тармак, адамзат абалын калыптандырган ишеничтер жана тутумдардын байланышы. Бул дүйнөгө карата мамилебиз, бул тармактын жана ал үчүн жашаган максаттар тобунун бири-бири менен болгон шайкештиги, эки жактуу түшүнүккө ээ болушу менен пайда болот.

Ошондуктан «Дүнүйөкор жашоодо» жер шарынын материалдык байлыгын четке какпастан, ахлактык жана рухий жактан жетилүү катары карашыбыз керек. Кишиден бул дүйнөгө болгон эмгегин туура-таза жана бактылуу түндө, көңүлдүү бериши күтүлөт, бирок бир жагынан да Мухаммед пайгамбардын бул сөздөрүнүн да ар дайым эсте болушу талап кылынат; бул дүйнөдө бир чоочун болуңуз жана эч качан ага баш ийип калбаңыз. Жол менен басыңыз жана баардык жакшылыктарын көрүңүз, бирок акыркы бүтүүнүн бул жерде болбогонун билиңиз.

Бир жагынан бул дүйнөгө байланышпоо экинчи тараптан да бул дүйнөнүн бардык жакшылыктарын көрүп жашоо бул эки тараптуу мамиле чындыгында Исламдын бардык абалда жүргүзгөн жолун байкоо жана бардык ашкереликтерден алыс туруу сунушунун уландысы болуп саналат. Ислам мына ушул платформанын үстүнө адамзат тарыхынын эң туруктуу цивилизацияларынан бирөөнү курган. Мусулман илимпоздор; аалымдар, искусство чеберлери, айылдыктар жана башкалары бул дүйнөнү ааламдын тартиби жана жакшылыктары менен шайкештикте жүргүзүүнүн жолдорун издешкен. Жетишишкен чоң материалдык жана илимий ийгиликтер аларды эч качан материализм жана дүнүйөгө сыйынууга багыттаган эмес.Бирок бул дүйнөнүн чындыгын табып тим болгудай формада да четке каккан эмес. Дүйнөгө убактылуу жана салыштырмалуу жер катары караган, бирок аны дагы кооз жана адилеттүү кылыш үчүн да эмгек жумшашкан. Куранга караганда бүтүндөй аалам бизге «аманат» катары берилген жана бул аманатка ылайык көрүлгөн киши да ишеничтүү, «коопсуз» болууга тийиш. Жалгыз ушундай түрдө гана дүйнө бардык адамдар үчүн коопсуз жана ишенимдүү жерге айланат.

Биз туш келген интеллектуалдык жана ахлактык сабак берүү булар болот; жер шарында жашоо, бирок жер шарында болбоо. Б.а. дүйнөнүн байлыгын четке какпоо дагы ага баш ийбөө дагы. Мындайча айтканда бул дүйнөдөгү жаралуу максатыбызды эч качан унутпастан жашоонун бардык жактарынан кумар алуу.

Ушул себептен исламдын дүнүйөкор дин болгону жөнүндөгү күнөөлөөлөр толугу менен жаңылыш болуп эсептелет. Ислам, дүйнөдөгү жаратылышыбызды унутпастан дагы кеңири байланыштын алкагында дүйнөгө болгон сүйүүсүн берет. Ислам дүйнөнү четке каккан дин эмес. Анын сыры мындай; «бардык нерсени тийиштүү жерине коюу» болгон адилеттикти толук түшүнүк менен түшүнө алуу жана ишке ашыруу. Дүйнөгө жана өзүбүзгө карата адилеттүү болгонубузда бардык нерсе өз ордунда бакыйып турган болот.

Ошондуктан биз дүйнөдө дагы ылдый жактарда орун алган өзгөчөлүктөрүнөн ашып өтүү жана барынан мурда дүйнөнүн жаратылуу жана бизге аманат кылынуу максатына кызмат кыла турган ахлактык жана руханий туу чокуга жетүү үчүн жашашыбыз керек. Акыйкатта изгиликке, сүйүүгө жана бакытка чындап жана туруктуу түрдө жетиш үчүн жалгыз гана дүйнө жүзүнө көз каранды болбогонубузду жана эмне үчүн бул жерде болгонубузду билгенибиз үчүн мүмкүн.



Тектеш кабарлар