Түркия  - АКШ карым  - катнаштарынын негизги эрежеси : бири бирине карата урмат  - сый

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын DailySabah гезитинин 28 – июлдагы санында чыккан макаласы.

Түркия  - АКШ карым  - катнаштарынын негизги эрежеси : бири бирине карата урмат  - сый

 

Түкия –  Кошмо Штаттар карым  - катнаштары АКШ өкмөтүнүн Түркиянын коопсуздук тычнсызданууларын түшүнүшү менен куткарылып жана өнүктүрүлө алат.

Вашингтондун акыркы жылдарда аткаргандары түрк мекемелери жана коомунун негизинде олуттуу ишеним кризисин жаратты. Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүү үчүн курулган глобалдык коалицияга кошулушуна жана коалициянын Инжирлик аба базасынан ДЕАШ террористтерин бутага алышына мүмкүнчүлүк бергендигине карабастан АКШ Ракканы куткаруу үчүн жүргүзүлгөн операцияда түрк армиясы менен кызматташтык түзүүнү каалаган жок. Ал түгүл бул кызматташтыктын ордуна ПКК террордук уюмунун Сирия филиалын өкүлү болгон АКШ Борбордук Чалгындоо Уюму тарабынан да расмий түрдө билдирилген ЙПГ террористтери менен кызматташтык түздү. Вашингтондун бул террордук уюм менен түзгөн Фаустиен келишими  биринчи жолу курулганда Обама өкмөтү «убактылуу, ал  - бер карым  - катнашына таянган жана тактикалык» болору тууралуу убада берген. Өткөн жылы Трамп башкаруусу тарабынан да бекитилди. Азыркы өкмөт АКШ Борбордук Командирлиги (CENTCOM) стратегиясынан өзүн канчалык алыс кармаса да бул аракеттин бир бөлүгү катары узун бакыттан бери күтүлгөн ЙПГни Манбижден чыгаруу планы үчүн даярдалган жол картасын кабыл алган болсо да так бир саясат өзгөртүүнүн болбошу Түркия  - АКШ карым  - катнаштарын балталоону улантууда. Ушул себептен Түркия АКШнын азыркы учурда Асад режими менен сүйлөшүп жаткан ЙПГ куралдуу кишилери менен кызматташтыкты кечиктирбестен акырына чыгарууну күтүүдө акылуу.

Ошол эле учурда Трамп башкаруусунун Гүленчи террордук тобунун АКШ жерлеринде иштеген кылмыштарды териштирүү тууралуу көрсөткөн так кадам таштоону каалабашы Түркиянын алдында эң жөнөкөй сөз менен айтканда көңүл калтырууну жараткан. Өзгөчө АКШнын адилеттик министрлиги Вашингтон менен тапшыруу келишими болгондугуна карабастан Түркиянын Фетуллах Гүлендин тапшырылышына байланыштуу талаптарына байланыштуу алаксытуунун тышында эч нерсе кылган эмес. Түрк өкмөтү бул болгондор тууралуу тынчсызданууларына карабастан ал түгүл Халкбанктын жогорку мартабалуу башкаруучуларынан Мехмет Атилланын ФЕТӨ мүчөлөрү тарабынан чыгарылган жасалма далилдерге таянып АКШ адилеттик системасы тарабынан бутага алынышынан кийин да сабырдуулугун сактаган. Бул шарттардын астында социалдык медиа кабарларында колдонгон коркутуучу тил менен бир АКШ жаранынын мыйзамдуу маселелерин чече аларына ишенгендей көрүнгөн Трамп өкмөтүнүн катуу каршылыгына түрк жетекчилеринин маани бериши  бир топ эле кыйын болду. Түрк мекемелери көптөгөн жолу билдиргендей өлкөбүздүн саясий лидерлигинин көз карандысыз соттун жоопкерчилик аянтына кирген мыйзамдуу бир процесске кийлигишүүсү сыяктуу абал сөз болбойт. Сөзү болгон АКШ жараны Эндрю Брунсондун камакта болушун улантабы же үй абагына болобу же эркин койо берилеби бул бир гана соттун чыгара турган чечими.

АКШ акыркы жылдарда Түркия менен стратегиялык өнөктөштүгүнө зыянын тийгизе турган же күчтүү жана бири бирине карата түшүмдүү болуп келген бир карым  - катнашты күчсүздөнтө турган бир топ кадамды таштады. Түркия бул карым  - катнаштын бузулушунда кандайдыр бир роль ойногон жок -  бир гана Вашингтондогу күтүүсүз саясий чечим чыгаруучулардын колунан бул карым  - катнашты куткарууга аракет кылды, дайыма жакшы ниет менен кыймыл кылды жана ошол эле учурда өз улуттук кызыкчылыгын сактады.

Түркия  - АКШ карым  - катнашы, АКШ өкмөтү, Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларын түшүнгөн учурда куткарыла алат жана алдыга жылдырылат. Бирок Түркия бир НАТО союздашынын чектеринин ичинде жана тышында улуттук коопсуздукту коркуткан кадамдарын көрбөстүккө сала албайт. Президент Трамп Президент Эрдоган жана Түркия менен жакшы мамилелерге ээ болуу ниетинде болушу мүмкүн. Бул абал арадагы карым  - катнаштын бири бирине карата урмат  - сый жана орток кызыкчылыктардын негизинде өнүгүшү менен эч шексиз жообун алат. Түркияга каршы коркутуучу мамиле кылуу ишке жарабайт, бир гана карым  - катнашка зыянын тийгизүү менен эле калат. Трамп өкмөтү АКШ – ЙПГ өнөктүштүгү тууралуу АКШдагы ФЕТӨ түйүнүнө каршы башкаруу кадамдарын таштай алат. Булардын аткарылышы баш  - аламан мыйзамдуу түзөтүүлөрдү талап кылбайт.Ансыз да Түркия эч качан мыйзамдуу жана мыйзамдуу алкактын тышында талап кылган эмес. Стратегиялык бир карым  - катнаш бир эле тараптын талабы менен түзүлө албай тургандыгы ачык. Мындай карым  - катнаш бири  - бирине карата урмат – сый жана кызыкчылык биримдигине таянышы керек. Эч бир союздаш өз кызыкчылыктарына зыян тийгизе турган башка бир союздашынын мамилесин кабыл албайт. Түркия АКШ кызыкчылыктарына зыянын тийгизе турган эч бир топ менен иштебейт же мындай түзүлүшкө жардам бербейт жана АКШнын да ушундай мамиле кылышын күтөт.

 



Тектеш кабарлар