Израилдин улут  - мамлекет мыйзамы расистик болуп саналат

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын 21 – июлда «DailySabah» гезитине чыккан макаласы.

Израилдин улут  - мамлекет мыйзамы расистик болуп саналат

Израиль парламенти кабыл алган жаңы мыйзам менен Палестина калкын жана жерлерин жер жүзүнөн жок кылуу үчүн жасалган сионист план жаңы бир этапка кирди.

Кээ бир батыштык медиа мекемелери тарабынан «Израилдин талаш  - тартыштуу улут  -  мамлекет мыйзамы» катары аталган мыйзам чындыгында расистик мыйзамдаштыруу жана расмий апартеид (бөлүүчүлүк) системаны жактап жатат. Бул мыйзам эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун  табытына кагылган акыркы мык. Адилеттик жана тынчтыкка ишенген баары тарабынан четке кагылышы керек.

Кабыл алынган мыйзам муну убада кылууда : «Израиль еврей калкынын тарыхый ата мекени жана бул жерде өз тагдырын белгилөө укугуна бир улут катары ээ». Бул мыйзам Израилдеги Палестина азчылыгына жана жеринен айдалган миллиондогон палестиналыктарга еврей мамлекетинде расмий бир жерлеринин жок экендигин билдирген кабар. Азыркы учурда Израилден палестиналык жарандар ансыз да экинчи класстагы жаран катары мамиле көрүшүүдө. Бул кабыл алынган мыйзам статустарын дагы да жаман абалга алып келет.

Мыйзам Кудсту «Израилдин толук жана бириккен... борбор шаары» катары аныктап жатат. Бул аныктама эл аралык коомчулукка жана Кудс менен Палестина жерлерин мыйзамсыз басып алуусун четке каккан сансыз БУУнун чечимине каршы бир токмок.

Трамп башкаруусунун толук колдоосун артына алган Нетаньяху өкмөтү басып алууну уялбастан мыйзамдаштырууну жана бардык мусулман ааламын душман кылууну максат кылууда. БУУнун Жалпы Кеңеши 2017 -  жылы 21 -  декабрда АКШнын Кудсту Израилдин борбор шаары катары кабыл алуу чечимин четке каккандыгын эске салуу керек. Израиль өзүн эл аралык мыйзамдан дагы жогору көргөндүгүн кабыл алынган бул жаңы мыйзам менен дагы бир жолу көрсөткөн болду.

Жаңы мыйзамда тынчсыздандырган башка бир беренелер да бар. Мыйзам «улуттук баалуулук катары жаңы еврей отурукташуу жерлерин түзүүнүн» маанисин белгилеп жатат. Бул Израилдин «отурукташуу» тактап айтканда басып алуу  - саясатынын улантыларын жарыялоодон башка эч нерсе эмес. Бул мыйзам демократия, тең укуктуулук түшүнүгүн жокко чыгарып отурукташуу кыймылынын Израиль мамлекетин колго алгандыгын дагы бир жолу көрсөтүүдө. Басып алууну кеңейтүүнү жана мыйзамдаштырууну, 21 -  кылымда бир улуттук саясат катары максат кылуу, азыркы учурдагы эл аралык тартиптин мыйзамдан башка күч боюнча канчалык даражада негиз түзгөндүгүн көрсөтүүдө.

Бул мамиле басылып алынган Палестина жерлериндеги кандайдыр бир саясий келишимдин бир гана Израилдин шарттарына карата болушун мажбурдуулук абалына алып келүүдө. Бул да апаатка жана жапа тырмак ийгиликсиздикке алып келүүдө. Себеби эч бир тынчтык адилеттик болбостон улантыла албайт.

Кабыл алынган бул жаңы мыйзам менен Палестина калкын жана жерлерин жер жүзүнөн жок кылуу үчүн түзүлгөн сионист план жаңы бир этапка кирип жатат. Израилдин премьер  - министри Нетаньяху мыйзам долбоору парламентте кабыл алынгандан кийин Кнессеттеги кайрылуу сөзүндө : «Бул сионизмдин жана Израиль мамлекетинин тарыхында бир бурулуш жер»,- деди. Бул сөздөр көптөгөн тынчтыктын жактоочусу болгон еврей тарабынан четке кагылган сионист проектинин Палестина калкынын турмушу, жерлери жана эркиндиги үчүн улантылышынын бир далили.

Дүйнө бул мыйзамды четке кагууга мажбур. Анткени бул мыйзам Палестина калкынын өз ата мекенинен мыйзамдуу түрдө жок кылынышы менен бирдей мааниде.

Түркия, Арап лигасы, Катар жана Европа Биримдиги мыйзам бөлүүчү болгону үчүн четке кагып, эки мамлекеттүү чечүүчү жолго байланыштуу маанилүү жыйынтыктарды жаратарын белгилешти. Мыйзам долбоор катары келген Израиль парламенти Кнессетте 62 кабыл добушка  55 каршы  добуш менен кабыл алынды. Израиль менен АКШдагы көптөгөн еврей уюму мыйзамды керексиз деп сынга алды. Бул жолдо билдирилгендер абдан маанилүү жана колдоого алынышы керек. Израиль  - Палестина кагылышуусунун мыйзамдуу, ахлактык жана тарыхый жактан адилеттүү түрдө чечилишине ишенген бардык өлкөлөр, коомдор жана мыйзам издеген топтор, улутчулдукту жана апартеид системаны жактагандарга каршы күчтөрүн бириктириши керек.

Басылып алынган бир калк катары палестиналыктар дуушар болгон мыйзамсыз заманбап трагедия жок. Зулумчулук жана араздашуу кыска мөөнөттүү жетишкендиктер үчүн популист саясаттын пайдасына болушу мүмкүн. Бирок Жакынкы Чыгыштын мусулман, христиан жана еврей элдерине эч качан тынчтык, тартип, коопсуздук жана бейкуттук алып келбейт. Америкалык саясатчылар Израилдин мыйзамсыз жана улутчул саясаттарына шартсыз колдоо берүү менен абдан чоң жаңылыштык кылууда. Израиль басып алуусу жана зулумчулугунун алдында үнсүз калгандар да апартеид бир мамлекеттин саясаттарына көз жумуудан кылмышкер болуп саналат. Палестиналыктар менен израилдиктер мындан да жакшысына татыктуу.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар