24-июндагы шайлоолор эмне үчүн мынчалык маанилүү?

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын.

24-июндагы шайлоолор эмне үчүн мынчалык маанилүү?

Эмнеси болсо дагы 24-июнь күнү медиамагнаттары же кызыкчылык күткөн топтор эмес өзүнүн эркин эрки жана тандоолору менен Түркиядагы шайлоочулар акыркы чечимди чыгарат.

Төрт аптадан кыска убактын ичинде 24-июнь күнү Түркиядагы шайлоочулар жаңы президентин жана парламентти белгилеш үчүн шайлоого барышат. Бул шайлоолор Түркияда президенттик системасына өтүүнү камсыздай турганы үчүн саясий жана экономомикалык жактан көп сандаган тема бар.

Өткөн жылы референдумда бекитилген система унитардык башкарууну көздөгөн президенттик башкаруу системасы болот. Федералдык түзүлүшү болбогону үчүн Американын системасынан башкача. Француз системасына көбүрөөк окшойт, бирок премьер-министрлик органы болбойт. Ошондуктан француз системасынан да айырмаланат. Жаңы система мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын ортосундагы ажырымды көздөйт. Парламент мыйзамдарды чыгарат жана өкмөттү көзөмөлдөйт. Мамлекет башчы кабинетте толук ыйгарым укукка ээ болот жана эл алдында жооп берет. Сот органы көз карандысыз жана тарапсыз болот. Бул система Түркиянын ырааттуулугун күчсүз коалиция өкмөтүнөн коргогон болот.

Мамлекет башчылык үчүн бир топ талапкер ат салышат. Эч таң калычтуу болбостон президент Режеп Таййип Эрдоган шайлоо жарышынын эң көрүнүктүүсү жана атаандаштары менен анын ортосунда чоң айырма бар. Биринчи айлампада жеңип чыга турганы анык. Түрк шайлоочуларынын арасында көптөгөн жылдардан бери улантып келген популярдуулугун эске алганда Эрдоган, 16 жылды камтыган эбегейсиз кызмат портфели жана маанилүү социо-саясий өзгөрүүлөр менен эң көп ишенилген лидер болушун улантууда.

Бул ишеним Эрдогандын кылган кызматтарына таянат. Көп сандаган нерсе менен катар Эрдоган кысталып турган Түрк экономикасын жандантты, Түркиянын Улуттук дүң продукциясын 3 эселентти, Түркияны дүйнөлүк базарларга жеткирди, ондогон жаңы университет жана изилдөө борборлорун курдурду, аскердик камкорчулукту соңуна чыгарды, күрттөрдүн, алевилердин, армяндардын жана ошондой эле өтмүштө кыстоого кабылган жана четке кагылган түрк коомчулугундагы башка топтордун укуктарын тааныды. 2007 жана 2010-жылдардагы жумшак аскердик жана сот төңкөрүш аракеттерине каршы тик турду жана 2016-жылдын 15-июлундагы Гүленчи террор уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш аракетине бөгөт койду.

Бөлүүчүлүк кылбастан кызматты алып баруу жана адамдардын өздүктөрүн, маданий салттарын таануу Эрдогандын саясат философиясынын омурткасын түздү. Мунун чагылышуусу жаңы шайлоо өнөктүгүндө да көрүнүүдө. Мына так ушул жерде атаандаштарынан кыйла алдыда көрүнүүдө. Центрист-оңчул саясий партиянын лидери катары тар платформадагы этникалык, аймактык же идеологиялык багытталыштардын ордуна коомчулуктун бардык катмарын кучагына алат. Саясаттагы чындык катары ар ким Эрдогандын саясатына ыраазы экенин айта албайбыз, бирок ыңгайлуулугу ачык эле коомдук жана саясий тайпага жайылганы көрүнүп турат.

Буга карабастан атаандаштары шайлоо өнөктүгү стратегияларын Эрдоганды каралоо аркылуу жүргүзүүдө жана жеңип чыгыш үчүн сүйлөгөн бардык нерсесин четке кагып ал өкүлдүк кылган бардык нерсеге каршы турумун алууда. Бул өтмүштө эч качан ишке жараган жок жана 24-июнда да ишке жарабайт. Түрк шайлоочулардын бош сөздөрдү чындыктан айырмалай турган маалыматы жана акыл-эстүүлүгү бар. Оппозициянын фигуралары пас саясий упай топтоо үчүн акылга сыйбаган айтымдарга кайрылып же чындыкка жатпаган убадаларды беришкенде шайлоочулар бир кадам дагы ташташпайт, анткени алар оюнду билишет.

Мына дал ушул, Батыш медиасынын көпчүлүгүнүн Түркиядагы дээрлик бардык шайлоодо көз жаздымда калтырган жери болуп саналат. Эрдогандын жакында шайлоодо жеңиле турганын байма-бай айтып жатышат, бирок Эрдоган жеңүүсүн улантууда. Оппозиция ысымдарды жаңы жана альтернатива катары эмдөөгө аракет кылууда, ал эми түрк коомчулугунун социалдык жана саясий динамикаларын түшүнүүдө ийгиликсиз болуп жатат. Дээрлик кынтыксыз түрдө Түркиянын бурмаланган көрүнүшүн окурмандарына сунуштап, аларды жаңылыш багыттоодо; ошондуктан Түркиядагы шайлоолор тууралуу баа берүү жана божомолдоолорунда жаңылышууда. Эрдогандын кеңири катмардагы элдин колдоосун алышы менен кошо негизги агым көз караштарды ашкере катары көрсөтүп, маргиналдык үндөрдү негизги агым сыяктуу сунуштап жатат. Бул болсо журналистикага зыян тийгизүүдө.

Эрдоганга каршы турган бардык нерсени жакшы жана туура деп сунуштоо, чындыгында эч жакшы жана туура журналисттик болуп эсептелбейт. Буга саясий кыймыл делет. Эрдоган ушундай түрдөгү каралоо кампанияларына көнгөндүктөн, өтмүштө да болгону сыяктуу буларды оңой эле жеңип чыгууда. Айрым аналисттер Эрдогандын күчтүү лидерлик ыкмасын жана саясий үстөмдүгүн «диктаторлук» катары эмдеп жаткан болушу мүмкүн, бирок бул пас пропоганда ыкмасы ишке жарабайт, анткени катардагы атуулдар Эрдогандын алар үчүн эмнелерди ишке ашырганын жакшы билишет.

Алдыбыздагы күндөрдө айлана-чөйрөнү коргоону жактаган Батыш журналистикасынын президент Эрдогандын «улут бакчалары» деп атаган жана 30 даана орто көлөмдөгү жана 5 даана чоң көлөмдөгү шаардык сейил бак курууга карай шайлоо убадаларына кандай каршылык көрсөтө турганын кызыгып күтүүдөмүн. Муну менен бирге Эрдогандын жылдын акырына карай ачыла турган жаңы аэропорт бүткөндөн кийин, процесстен чыга турган Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортун да шаардык сейилбакка айлантуу убадасын берди. 11,7 чарчы километрдик аянтты камтыган бул жаңы сейилбак, Нью-Йорктогу Central Parkтан 3 эсе жана Лондондогу Hyde Parkтан сегиз эсе чоң болот. Бул талашсыз түрдө Түркиянын тарыхындагы эң чоң көлөмдүү жашылдандыруу долбоору болуп саналат. Чоң ыктымалдуулук менен бул өнүгүүгө терс серептерди салып көрмөксөнгө салышат, биз да алдыбыздагы төрт апта бою саясий кыймылдуулуктун журналисттик кейпин кийип ишке ашырган мамилелеринин кайталоосун көрөбүз.

Жалган Түркия эксперттери Эрдоганга чабуул коюшат жана атаандаштарын алдыңкы планга чыгарууга аракеттенишет. Мейли, бирок муну эң жок дегенде бир аз ишенимдүүлүк, чынчылдык жана чындыктарды колдонуп жасоолору керек. Түркиянын экономикасы туурасында кыяматтай сценарийлерди жазуу, ПКК террористтерин көтөрмөлөө, ФЕТӨнүн Гүленчилерин дагы сүйкүмдүү көрсөтүү жана Эрдогандын башкы душмандарынын негизсиз айтымдарына орун берүү, Түркиядагы шайлоочуларды 24-июнда Эрдоганга добуш берүүдөн баш тарттыра албайт. Бул болгону Түркиянын Батыш медиасында орун алышы керек болгондо, журналисттиктин жана саясий сереп салуунун төмөнкү стандарттарын ортого салат.

24-июнь шайлоолору, бир гана Түркия үчүн эмес Жакынкы Чыгыш, Европа жана АКШ үчүн да мааниге ээ болгон Түркиянын саясий ырааттуулугун, экономикалык өсүүсүн жана кеңири масштабдуу түрдө коопсуздугун камсыздоо жагынан орчундуу. Маанилүү бир НАТО мүчөсү катары Түркиянын күчү ошол эле убакта шериктештеринин да күчү болуп саналат. А бирок Түркия туш болгон коркунучтар, НАТО шериктештери тарабынан да коркунуч катары билиниши керек.

Эмнеси болсо дагы 24-июнь күнү медиамагнаттары же кызыкчылык күткөн топтор эмес өзүнүн эркин эрки жана тандоолору менен Түркиядагы шайлоочулар акыркы чечимди чыгарат.



Тектеш кабарлар