ПКК/КЖК террор уюмунун баңгизат соодасындагы ролу

Терроризм жана баңгизаттын байланышы

918703
ПКК/КЖК террор уюмунун баңгизат соодасындагы ролу

ПКК/КЖК ТЕРРОР УЮМУНУН БАҢГИЗАТ СООДАСЫНДАГЫ РОЛУ

Терроризм жана баңгизаттын байланышы

Дүйнө жүзү туш болгон эң маанилүү коркунучтардан бирөө болгон баңгизаттын адамзатка карай коркунучтуулугу күн өткөн сайын артып баратат. Өзгөчө жаштар жана келечек муундар үчүн чоң маселе болгон баңгизат бир эле учурда соодалык жагы менен кызыкчылыгы болгондор үчүн киреше жана терроризм үчүн финансы булагы болуп саналат.

Акыркы жылдарда эл аралык мекемелер тарабынан жарыяланган баңгизат жана террор отчетторунда, өзгөчө террор уюмдарынын баңгизат кылмыштарынан киреше тапканы жана бул кирешени курал алуу, баш калкалоо, азык-түлүк алуу, байланыш, пропоганда ж.б.у.с. муктаждыктарын камсыздоо үчүн финансы булагы катары колдонгону жөнүндө маалыматтарга орун берилүүдө. Дүйнөлүк баңгизат отчетторунда, дүйнө жүзүндөгү баңгизат соодасынын көлөмүнүн орто эсеп менен 320 миллиард доллар болгону жана бул көлөмдүн уюшкан кылмыш жана террордук уюмдардын финансы булагынын маанилүү бир бөлүгүн түзгөнү баса белгиленген. 2016-жылдагы Европанын Баңгизат отчетунда болсо; Европа Биримдигинин жалпы баңгизат көлөмүнүн 24 миллиард евро болгону катталган.

Террордук уюмдар менен баңгизат соодагерлеринин ортосунда эки жактуу кызыкчылык карым-катнаштары бар экенин айтуу жаңылыш белгилөө болбойт. Баңгизат соодагерлери террористтердин уюмдук түзүлүү ыкмалары, курал камсыздоолору жана жашыруун түрдө уюмдарга кирүү мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып жатканда, террордук уюмдар да баңгизатты киреше булагы катары колдонууда жана табылган арам акчанын адалдаштырылышында баңгизат соодагерлеринин ыкмалары жана жөндөмдүүлүктөрүнөн эң жогорку өлчөмдө пайдаланууда. Баңгизат соодасы жана террордун скелетинин ажырагыс бөлүкчөлөрү болгону жана контрабанданын террордун кандайдыр бир сормо сазы экенин белгилей кетүү абзел. Ачык көрүнүп тургандай, террордук уюмдар бир тараптан мыйзамсыз баңгизат өндүрүү жана соодалоо жолу менен кыймылдарына финансылык булак табууда, экинчи  тараптан баңгизатка берилгендердин артышынын себебинен улуттук күчтүн адам факторунун бузулуусуна кызмат кылууда.

 

ПКК/КЖКнын баңгизат соодасы

Өтмүштө жана учурда, Түркияга каршы кыймылын жүргүзгөн уюмдардын башында турган ПКК/КЖКнын да баңгизаттан чоң акча тапканы жана баңгизат өндүрүү менен сооданын бардык баскычтарында орун алганы белгиленди. ПКК/КЖК террор уюму, баңгизат өндүрүүсү жана соодасына байланыштуу кыймылдарын көпкө дейре өлкөбүз жана дүйнөлүк коомдук пикирден жашыра алды. Муну менен бирге бул уюмдун жалган башкаруучуларынын кармалып калып маанилүү моюнга алуулары болгону жана акыркы жылдарда Түркия жана башка өлкөлөрдө ишке ашкан террорго байланыштуу баңгизат операцияларынын натыйжасында ПКК/КЖК террор уюмунун баңгизат кылмыштарына аралашканы улуттук жана эл аралык коомдук пикир тарабынан көрүндү.

Уюмдун лидерлери баңгизат өндүрүүсүн жана соодасын уюмдун согушкер мүчөлөрүнөн жана коомчулуктан жашырууга аракет кылууда. Анткени баңгизат соодасынын чындыгында адамзат кылмышы болгонун, мунун уюмдун үгүттөө иш-чараларына сокку ура турганын жана жаңы согушкер талапкерлерине терс таасири боло турганын билишет.

Террордук уюмдун 1990-жылы ишке ашырган Экинчи улуттук конгрессинде чыгарылган «чек араларда (жалган) салык топтоо, ташыган товарлардын көлөмүнө жана наркына жараша контрабандисттерден (жалган) салык топтоо» түрүндөгү токтом, уюмдун баштапкы мезгилдеринен тартып баңгизат секторунда орун алганынын жашыруун айтымы болуп саналат.

А.Өжалан, террор уюмунун баңги зат менен карым-катнашы жөнүндө 1999-жылы берген маалыматында, «баңгизат соодасын өзү кылдырбай бул иш менен алектенгендерден салык топтолушун айтканы, Загрос жана Маку аймактарында бир тууганы Осман Өжалан менен катар аты аталган аймактарга жөнөтүлгөн уюмдун башкаруучуларынын баңги зат соодасын ишке ашырганы, бул окуялардын өзүнүн текшерүүсүнүн тышында болгону» жагдайларын айткан.

Террордук кыймылдарды ишке ашыруу жана киреше табыш үчүн баңги зат өндүрүү жана сатууну жеңил жана кирешелүү жол катары караган ПКК/КЖК террор уюму, контрабанданын бардык тармагында профессионалдуу түрдө кыймылын жүргүзүүдө. Баштапкы мезгилдерде баңгизат операцияларынан алардын иш-чараларын көрмөксөнгө салуу жана коопсуздуктарын камсыздоого жооп иретинде салык алган уюм, баңгизат сатуудан камсыздалган кирешенин чоңдугун түшүнгөндө өзү бул иштин ичинде орун алууну тандай баштаган.

Баңгизат менен күрөшкөн бөлүмдөрүбүз тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында ишке ашырылган белгилөөлөр бул анализдерди колдогудай мүнөздө болуп, ПКК/КЖКнын бир гана баңгизат соодасын кылган кишилерден салык алып гана тим болбой баңгизат соодасынын бардык баскычында роль ойногону ортого салынган.  Ошондой эле террор менен күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан ПКК/КЖК террор уюму бутага алынып жүргүзүлгөн бир топ операцияда маанилүү өлчөмдө баңгизат колго түшүрүлдү.  Ошондуктан 1980-2017-жылдар аралыгында ПКК/КЖК террор уюму менен байланышы болгон 414 нарко-террор операциясы ишке ашырылса, бул операцияларда 1325 шектүү, он миңдеген килограмм кара куурай, героин жана башка баңгизаттар жана орто эсеп менен 88 млн кара куурай өсүмдүктөрү колго түшүрүлгөн.  Бул абал террор уюмунун баңгизат соодасы менен канчалык аралашканын көрсөтүп турат.

ПКК/КЖК террор уюмунун;

  • Баңги зат эгүү, өндүрүү, ташуу жана соодасын жеке өзү координация кылганы,
  • Баңги зат өндүрүүчүлөр, же Түркиянын территориясы аркылуу баңги зат ташыган жана  мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган бардык адам жана уюмдардан салык деген ат менен процент же алымча алганы,
  • Европада баңгизат таркатуу жана көчөлөрдөгү сатууларда таасирдүү болгону,
  • ПКК/КЖКга кабар бербестен баңгизат соодасын кылган киши же топторго таандык баңгизаттар уюм тарабынан конфискацияланышы,
  • Баңгизат өндүргөн уюмдарга жер таап берүү жана коргоого алынуусун камсыздаганы,
  • Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Анадолу аймагындагы мыйзамсыз кара куурай эгүүгө активдүү катышканы,
  • ПКК/КЖКнын баңгизат соодасына байланыштуу операцияларын уюмдун ичинде атайын топтор жүргүзгөнү жана калган террористтердин бул темада маалыматтандырылбаганы  белгиленди.

Уюм, мыйзамсыз кара куурай эгүүсүн бул тармактын эң кирешелүү ыкмасы катары эсептөөдө. Өзгөчө Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Анадолу аймактарынын элет жерлеринде кара куурайдан алынган баңгизат соодасынан чоң киреше тапкан уюм, бул процессти жеке өзү уюштуруу менен катар айылдыктарды жана аймактын калкын кара куурай эктирүүдө же эгүүгө шыктандырууда, өндүрүлгөн кара куурайдан салык алууда.

Террор уюму бир убакта Ливандын Бекаа өрөөнүндө орун алган лагерь аймактарында (Baelbek жана Hermen) кара куурай жана апийим эгип ал жерде курган лабораториясында баңгизат өндүргөн. Учурда болсо Түндүк Ирактын лагерлеринде жана өлкөбүздүн чек араларына жакын жердеги чек аралаш өлкөнүн айылдарында баңгизат өндүрүп акыркы базарга жеткирүүдө. Өзгөчө Ооганстан апийиминен иштетип чыгарган героиндин Европа базарларына сунушталышына атайын маани берүүдө. Уюмдун салык топтоо иш-чараларынын башында болсо өлкөбүздүн чыгыш чек арасынан баңги зат соодагерлери тарабынан алып келинген баңгизаттан килосу үчүн белгиленген тарифти «салык» деп атоо менен акча алышы жана баңги зат соодасын кылган кишилерден коркутуу, шантаж, курал күчүнө салуу жана барымтага алуу жолу менен акча чогултуусу турат.

Өлкөбүз географиялык абалы жагынан баңгизаттардын өндүрүлгөн аймактары менен бул заттардын керектелүүчү базарлары болгон аймактардын ортосунда көпүрө абалында. Баңгизаттардын дүйнөдөгү эң маанилүү өндүрүү борборлору болгон Ооганстан, Пакистан жана Иран өлкөлөрү болуп саналат. Түркия бул өлкөлөр менен Европанын ортосунда транзит өтүүчү жери жана өлкөбүз аркылуу өткөн бул героин багыты салттык түрдө «Балкан багыты» деп аталууда. ПКК/КЖК террор уюмунун уюмдашуусу эске алынганда, чет өлкөдөгү уюмунун Жакынкы Чыгыштан Батыш Европа өлкөлөрүнө чейин созулганы көрүнүүдө. Бул кеңири аймак «Балкан багытынын» толугун камтууда. Тыгыз баңгизат агымы өткөн бул багытта уюмдашуусу орун алган ПКК/КЖК террор уюму, өндүргөн же булагынан алган баңги заттар бул багыт аркылуу оңой түрдө өткөрүлүүдө.

ПКК/КЖК террор уюму баңги зат иш-аракеттерин соодагер жана өндүрүүчүлөрдөн салык алуу менен баштаса дагы акыркы мезгилдерде Европанын көчө базарындагы баңгизатты текшерүүгө чейин жетүүдө. Уюм Европада баңгизаттын таркатылышын өзү уюштурууда жана башкарууда.  Баңгизат бааларындагы жогорку киреше табуулары уюмдун көчөдөгү таратууга багытталуусунун эң маанилүү себеби болуп саналат. Ошондуктан Улуу Британияда борбору орун алган «Henry Jackson Society» ой-пикир мекемеси тарабынан жарыяланган «Унутулган чет өлкөлүк согушкерлер: Сириядагы ПКК» (The Forgotten Foreign Fighters: The PKK in Syria) аттуу отчетунда да ПКК/КЖКнын Европадагы эң маанилүү киреше булактарынын башында баңгизат соодасы орун алганын жана Ирандан келген баңгизаттын Түркия аркылуу Европага өткөрүлүп бул жердеги тийиштүү кишилер аркылуу таркатылганы маалымдалууда.

ПКК/КЖКнын баңгизат соодасына байланыштуу эл аралык мекеме жана чет өлкөлөрдүн белгилөөлөрү

Эл аралык булактарда ПКК/КЖКнын эң маанилүү киреше булактарынан биринин баңгизат соодасы болгону тууралуу бир топ жыйынтык жана белгилөөлөр орун алды. БУУнун баңгизат жана кылмыш кеңсеси (United Nations Office on Drugs and Crime - UNODC),, Орто Азия, Ооганстан жана берки өлкөлөрдөн Европага баңгизат контрабандасынын жылдык 5 миллиард доллардык киреше камсыздаганын божомолдоодо жана европалык чалгындоо аналистине караганда бул кирешенин жарымы ПКК/КЖКга берилүүдө.

1992-жылы дүйнө жүзүндө уюштурулган 41 наркотикалык операциялардан 23үндө кармалган кылмышкерлердин ПКК/КЖК менен карым-катышы болгондору ал мезгилдин Интерпол каттоолорунда орун алып, Германия, Испания, Италия, Швейцария, Франция жана Түркияда 1990-жылдарда жүргүзүлгөн операцияларда тонналаган баңгизат колго түшүрүлдү. Интерполдун каттоолоруна караганда Европанын баңгизат базары; 1990-жылы 80 % катнашында, 1994-жылы 60-70 % дын арасында ПКК/КЖК тарабынан багытталган.

Акыркы жылдарда Интерпол; Германия, Италия, Нидерландия жана Испанияда орун алган ар түрдүү күрт топтордун баңгизат соодасын байкады. Бул топтордун ПКК/КЖК менен байланыштары бар экени божомолдонууда. Уюм, Түркия жана Түндүк Иракта баңги зат лабораторияларын иштеткен топ катары белгилүү. Операцияларды колдош үчүн бир-бирден уячалар тарабынан жүргүзүлгөн баңги зат өндүрүү жана соодасы менен катар ПКК/КЖК, Батыш Европадагы күрт баңгизат соодагерлеринен да салык алууда.

ПКК/КЖКнын контрабанда жагынан Европадагы мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрүн колдонуп АКШга да баңгизат сатканы белгилүү. Уюмдун 1996-жылы бир грамм героинди 350 доллардан АКШ рыногуна өткөргөнү тууралуу маалыматтар бар. ПКК/КЖК террор уюмунун бир гана Ооганстандан Европага кеткен ооган героининен жылда 50-100 миллион доллардын арасында киреше тапканы эл аралык отчеттордо орун алышы менен бирге бул кирешенин жалпы суммасы 1,5 миллиард долларга жеткени божомолдонууда.

ПКК/КЖКнын контрабандасы буга окшогон уюмдар менен бирге Europolдун 2011-жылдагы терроризмдин абалы жана тренддери (TE-SAT) отчетунда да орун алууда. Отчетко караганда ПКК/КЖК террористтик кыймылдарын финансылай алыш үчүн контрабанда жана буга окшогон уюшкан кылмаштарды кылууда. Ошондой эле түрдө Europol тарабынан 2013-жылы чыккан «TE-SAT» отчетунда; Түрк териштирүү отчетторунун ПКК/КЖКнын террордук кыймылдарын финансылаш үчүн баңгизат соодасына кошулганын көрсөткөнү, уюмдун Түркиянын чек арасынан өткөн баңгизат соодагерлеринен алган салыктар аркылуу акча чогултканы, айрыкча баңгизаттардын Түркия аркылуу ташылышы, Европага жеткирилиши, Европада таркатылышы жана сатылышынын бардык баскычындагы кирешелерден үлүш алганы, буга жооп иретинде баңги зат соодагерлерине негизинен ПКК/КЖКдан жан сакчы жана түшүнүшпөстүктөр болгондо арачылык кылуу сунушталганынын маалыматтарына орун берилген.

НАТОнун 2007-жылдагы Кеңейтилген экономикалык комитет жыйналышындагы отчетунда; «мыйзамга жатпаган баңги зат индустриясынын ПКК/КЖКнын эң кирешелүү кылмыштык кыймылы болгону, Пакистандагы баңгизаттын чийки өндүрүшүнөн Иракта таркатылышына, көчөлөрдө сатылышынан ПКК/КЖК тарабынан базарга чыгарыла элек баңги заттын Европада салыктандырылышына чейин, уюмдун баңги зат соодасынын бардык баскычында орун алганы» маалымдалган.

АКШнын Баңгизаттар менен күрөшүү департаментинин (Drug Enforcement Administration - DEA) чалгындоо отчетуна караганда; ПКК/КЖКнын баңгизаттан киреше табуу ыкмасы; героин өндүрүү, баңгизат соодагерлеринин чек аранын тышындагы жерлерден өткөн товарларынан салык алышы жана Европада героин базарынын маанилүү бир бөлүмүн көзөмөлгө алуусу болуп саналат. ДЕАнын башкаруучусу Аса Хатчинсон, ПККнын Түркиянын Түштүк Чыгыш аймагында баңгизат өткөрүүнүн салыктандырылышы жана контрабандисттердин коргоого алынышында орун алганын белгилеген. ДЕАнын отчетунда; «Террорист уюм ПКК/КЖК, түрк өкмөтүнө каршы террордук кыймылды колдоого алыш үчүн героин өндүрүү жана контрабанданы колдонууда. Салттык контрабандист үй-бүлөлөр жана контрабанданы уюштуруулары да активдүү»,делген.

АКШнын Казына министрлиги 2009-2011-жылдар аралыгында; Мурат Карайылан, Али Рыза Алтун, Зүбейир Айдар, Жемил Байык, Дуран Калкан, Ремзи Картал, Сабри Ок жана Адем Узунду санкция киргизилген чет элдик контрабандисттер (Specially Designated Narcotics Traffickers - SDNTs) катары жарыялады жана ушундайча ПКК/КЖКнын баңгизат сатуу кылмышы эл аралык жактан тастыкталды.

Ошондой эле түрдө 2012-жылы АКШнын Казына министрлигинин чет элдик байлыктарын текшерүү кеңсеси (The U.S. Department of the Treasury’s Office of Foreign Assets Control - OFAC); Зейнеддин Гелери, Черкез Акбулут жана Өмер Бозтепе аттуу ПКК/КЖК террордук уюмдун мүчөлөрүн Европа жана өзгөчө Молдовадагы баңгизат сатуучуларынын жооптуусу катары белгилеген жана санкция киргизилген контрабандисттер (SDNTs) катары жарыялаган.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгы тарабынан жарыяланган Эл аралык Баңгизат текшерүү отчетунун (International Narcotics Control Strategy Report - INCSR) 2016-жылдагы санында болсо Ооганстандан Түркияга чейин жеткен баңгизат ташууда көп сандаган күрт жана ирандыктын кармалганы, булардын ПКК/КЖКга колдоо көрсөткөнү жана 2015-жылы да көп сандаган Түркия шаарында жана Европада баңгизат саткан бул уюмдун мүчөлөрүнө операциялар жүргүзүлгөнү белгиленген.

Улуу Британиянын полиция уюмунун жана баңгизат боюнча жооптуу Улуттук кылмыш чалгындоо бөлүмүнүн көрсөткүчтөрүнө караганда (National Criminal Intelligence Service - NCIS) ПКК/КЖК, бүтүндөй Европа Биримдигинде сатылган героиндин жарымына жакынын түздөн-түз уюштурууда. NCISге караганда уюмдун 1988-жылдагы кирешеси 85 миллион доллар жана мунун 44%ы баңгизат сатуудан келип түшөт.

Германиянын башкы прокурорлугу Европада колго түшкөн баңгизаттын 80%нын ПКК/КЖК менен байланышы болгонун ортого салган. Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэлдин; «ПКК/КЖК террор уюмунун Германияда да курал жана баңгизат соодасына терең аралашканы жана ушул себептен тыюу салынганы, ПКК/КЖКнын финансы булактарынын жоюлушунун Германиянын кызыкчылыгына төп келээри» боюнча жагдай орун алган 2017-жылдын июнундагы жарыясы да ПКК/КЖКнын баңгизат менен байланышын ортого салууда.

Француз мекемеси Кримонологиялык институт тарабынан 1995-жылы жарыяланган отчет ПКК/КЖК террор уюмунун баңгизат секторундагы абалына басым жасаган. Отчетто, уюм менен баңгизат картелдеринин арасында «биологиялык, саясий жана жер астындагы дүйнө» карым-катнашы болгонун маалымдаган. Ошол эле жылы Күрдистан демократиялык партиясынын (KDP)  жетекчиси Месуд Барзани да ПКК/КЖКнын баңгизат контрабандасын кылганын айткан.

1998-жылдагы Италиянын финансылык полициясынын көрсөткүчтөрүнө караганда ПКК/КЖК эл аралык баңгизат соодасына түздөн-түз кошулган жана айрыкча качкындарды соодалоо менен чет өлкөдөгү түрк ишкерлери жана жумушчуларынын систематикалык корголушунан мыйзамсыз киреше табууда.

Корутунду

Жогоруда каралган абалдарда көрүнгөндөй  ПКК/КЖК террордук уюму түздөн түз жана кыйыр түрдө баңгизат сатуудан киреше тапкан. Түркияда ишке ашкан көп сандаган террор операцияларында баңгизат колго түшүрүлгөнү сыяктуу ишке ашырылган бир топ баңгизат операциясында да террор уюмуна мүчө кишилер өлүү, жаралуу же тирүү кармалып, уюмдун документтери колго түшүрүлгөн. Муну менен катар керек болсо уюмдун корбашчысы жана кармалган мүчөлөрүнүн түшүндүрмөлөрүндө, керек болсо эл аралык мекеме же чет өлкөдөгү иштеринде аты аталган уюмдун баңгизат соодасын кылганы тууралуу бир топ аныктоого орун берилген. Бул абал ПКК/КЖК террордук уюму менен баңгизат соодасынын ортосундагы байланышты так түрдө ортого салууда.

 



Тектеш кабарлар