ПКК/КЖК жана ПЙД/ЙПГ байланышына карата өлкөлөрдүн маалыматтары

Бир топ өлкө тарабынан берилген маалыматтарда ПКК/КЖК жана ПЙД/ЙПГ байланышы ортого салынды.

ПКК/КЖК жана ПЙД/ЙПГ байланышына карата өлкөлөрдүн маалыматтары

 

ПЙД/ЙПГнин ПКК/КЖК террордук уюмунун Сириядагы уландысы  экендигине байланыштуу тактоолор бир топ өлкөнүн чалгындоо жана коопсуздук уюмдары тарабынан да кабыл алынган. Бир топ өлкө тарабынан берилген маалыматтарда да бул байланыш ортого салынды. Ушунун негизинде ПЙД/ЙПГнин террордук уюм экендигине жана ПКК менен байланышынын бар экендиги тууралуу маалыматтар өлкө базасында төмөндө билдирилген:

1.АКШда ДЕАШ менен күрөшүү деген аттын астында Сирияда ПЙД/ЙПГге курал, логистикалык жана машыктыруу боюнча жардам берген АКШнын тышкы чалгындоо кызматы ЦРУнун расмий интернет сайтында ПЙД/ЙПГ ПКК/КЖКнын Сириядагы уландысы катары белгиленген. Бул чалгындоо кызматынын өлкөдөгү иликтөөлөрүндө ПЙД/ЙПГ Сирияда иш алып барган «чет элдик булактуу террордук уюм» катары билдирилген. Муну менен бирге аты аталган сайтта ПЙДнин мурунку лидери Салих Мүслимдин ПКК/КЖКнын Сириядагы өкүлү катары сөз болушу. Андан башка АКШнын 11  - сентябрдагы кол салуудан кийин террор менен күрөшүүдө керектүү координацияны түзүү үчүн курган Улуттук Анти  - Террор Борбору (NCTC) тарабынан да ПЙД/ЙПГнин ПКК/КЖКнын Сириядагы уландысы катары кабыл алынгандыгы мекеменин расмий интернет сайтында белгиленген; бул маалыматтын  кийинчерээк алынып салынгандыгы байкалган. ЦРУ жана NCTC тарабынан кабыл алынган бул маалыматтар менен бирге Обама мезгилинин коргоо министри Эштон Картер да ДЕАШ тууралуу сенат жыйынында ЙПГ менен ПКК байланышын жеке өзү мойнуна алган.

2.Муну менен бирге АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хизер Науэр 2018 -  жылы 26 -  январдагы күнүмдүк брифингинде Африн операциясы жана Түркиянын аймактагы кадамдары тууралуу берген маалыматында аймактагы ПЙД террористтери үчүн «ЙПГнин» ордуна түздөн түз «ПКК» деген сөздү колдонгон. Андан кийин сөздөрүнө эч кандай оңдоо киргизбеген Науэр : «Түркия Сириянын түндүк  - батышында көзүн ДЕАШтан буруп ПККнын артынан түштү. Ал жерде ырааттуулукту каалайбыз»,- деди.

3.АКШ ачык түрдө жардам берген, ал түгүл союздаш катары көргөн террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнин 2013 -  жылдагы НАТО жыйынында террордук уюм катары кабыл алынгандыгы, АКШнын да бул документти бекиткендиги ортого чыккан. НАТО булактарынан алынган маалыматка караганда АКШ жана башка НАТО мүчөсү өлкөлөрдүн катышуусу менен 2013 -  жылы июнь айында  НАТО штабы жайгашкан Брюсселде НАТО стратегиялык чалгындоо документи тууралуу иш алып барылган. Аткарылган иштердин натыйжасында ортого чыккан документте ПЙД/ЙПГ, КЖК жана ПКК менен бирге «террордук уюм» катары орун алган. АКШ да бул документти кабыл алып расмий түрдө бекиткен. НАТОнун стратегиялык чалгындоосунун маанилүү документи болгон MC-160та ПЙД ПКК менен байланышы бар террордук уюм катары расмий документте каттоого өткөн.

4.Сирия демократиялык күчтөрүнүн курулушу тууралуу АКШнын маанилүү ой мекемелеринен Аспен институтунунун Колорадо аймагында өткөрүлгөн жылдык коопсуздук жыйынында ПЙДге байланыштуу маанилүү маалыматтарды берген АКШнын атайын күчтөр командири, армиянын генералы Раймонд Томас Түркиянын террордук уюм ПКК менен байланышы бар экендигин көрүшү менен ЙПГге «ат өзгөртүү» сунушун киргизишкендерин, ушул боюнча уюмдун атын «Сирия демократиялык күчтөрү» деп өзгөрткөндүгү айтылган. Томас ат өзгөртүү менен «ЙПГнин ишенимдүүлүгүн бир аз дагы арттыргандыгын» белгилеген. ЙПГ менен ПККнын ортосундагы байланыштын маселе жараткандыгын ЙПГликтерге да айткандыгын белгилеген Томас : «Өз маркалары боюнча иштөөлөрү керек. Мурунку уюм тактап айтканда ПКК менен байланышта болууну уланта турган болушса карым – катнаштарда кааланбаган кыйынчылыктар чыгат»,- деген.

5. Британия Бириккен Королдук өкмөтү Британия парламентинин тышкы карым  - катнаштар комиссиясынын Түркияга карата 2016 -  жылы март айында даярдаган «Кысымбы, жакшыруубу? Түркия үчүн чечим чыгаруу учуру – депутаттар оң англис ролун колдойбуз» деген темада 79 беттик отчетко берген жоопто Түркиянын ПККга каршы мыйзамдуу коргонуу укугуна ээ экендигин билдирген. Террордук уюм ПККнын Бириккен Королдуктун террор уюмдары тизмесинде орун алгандыгы белгиленген жоопто ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ тууралуу да «ЙПГ Бириккен Королдуктун террордук тизмесинде орун алган эмес. Ошол эле учурда ЙПГнин жана саясий канаты ПЙДнин ПКК менен байланышынан санааркап жатабыз. Бул багыттагы кабарларга олуттуу карап жана ПЙДнин бизге тийгизген таасирин күн тартибине алып келүүдөбүз. ЙПГ жана ПЙДни ПКК жана террордук кыймылдары менен ортосуна аралык коюга чакырабыз»,- деген баа берүүсүнө орун берилген.

6.Өзгөчө Британиянын элчиси Ричард Мур террор темасы жана Сирия башта болгон маанилүү темаларда маалыматтарды берген. ПКК менен күрөшүүдө Түркиянын эң күчтүү досунун Британия экендигин баса белгилеген Мур : «Бул тууралуу мамилебиз так; ПКК террордук уюм. ПЙД да аны менен байланыштуу. ПЙДнин офисине бара турган болсоңуз ал жерде Абдуллах Өжалан портреттерин көрөсүз»,- деген.

7.Британиянын Жакынкы Чыгыштан жооптуу мамлекеттик министри Элистер Берт болсо террордук уюм ПКК менен ПЙД/ЙПГнин ортосундагы байланыш тууралуу : «Байланыштарын билебиз. ПЙД жана ЙПГ менен сүйлөшкөнүбүздө ПКК менен байланышын үзүүсү керектигин айтып жатабыз. Иш жүзүндө байланышты үзбөй жатышат. Байланышы ортодо»,- деп билдирген. Өзгөчө Берт : «ПКК менен биз байланышта эмеспиз бирок ыктымалдуу байланыштар тууралуу санааркап жатабыз жана ПЙДни ар дайым ПКК менен бардык байланыштарды үзүүгө чакыруудабыз»,- деп сөзүнө кошумчалады.

8.Бир тараптан Британияда жашаган С. Ө аттуу киши Британия соту тарабынан ПККга кошулат деген негиз менен 21 ай абак жазасына тартылган. Бул киши үй  - бүлөсүнө калтырган кат жана видеодо ДЕАШка каршы күрөшүү үчүн Айн ел  - Арабга(Кобаниге) барышы мүмкүн экендигин жана ПККга кошулары тууралуу айткан. Британия соту тарабынан чыгарылган чечим да ПККга караштуу ПЙД/ЙПГнин Сирияда иш алып баргандыгын бекемдегендей мүнөздө.

9.Германия 2018 -  жылдын 4 -  февралында чыккан кабарда Германия парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Сол партиянын тең төрагасы Катя Киппингдин түрк куралдуу күчтөрүнүн Африн операциясын айыптагандыгын жана немис өкмөтүнүн бул операцияны айыптаган билдирүү бербегендигине каршы чыккандыгына орун берилген. Ушул боюнча Германия үчүн Альтернатив партиясынын өкүлү Петр Бытрондун Афринде жок кылынган террористтер үчүн немис парламентинде аза күткөн Сол партиясынын өкүлдөрүнө берген жоопто : «Түркия Германия террордук уюм катары көргөн ПККнын уландысы ЙПГ менен согушуп жатат. Силердин дартыңар болсо марксист ПККлык досторуңардын атылышы. Мыйзамсыз топтор аркылуу акча топтоп, курал алып ПККга жардам берип жатасыңар»,- деген сөздөр менен террордук уюмдун символу болгон фуляр менен парламентке келишине каршылык көрсөткөн.

10. Нидерландияда2018 -жылы 23 -январда түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында баштаган «Зайтун бутагы» операциясына байланыштуу маалыматтарды берген Нидерландиянын тышкы иштер министри Халбе Зийлстра БУУму Шартынын мыйзамдуу өзүн коргоо укугунун 51 -беренесине да кайрылып : «Түркияга карата ачыкча кол салуулар болду. Түркиянын өзүн коргоосу үчүн жетерлик белгилер бар. ЙПГ күнөөсүз эмес. Нидерландия өкмөтү ЙПГни эч качан колдогон жок. ЙПГ менен ПККнын ортосунда күчтүү байланыштар бар. ПКК болсо Нидерландия жана Европанын оюу боюнча да бир террордук уюм»,- деди.

11. Испаниядагы ПКК/КЖК менен ПЙД/ЙПГнин ортосундагы байланышка карата Испаниядагы сот чечимине каралгандаИспаниянын ички иштер министрлиги тарабынан 2016 -жылы 27 -январда берилген маалыматта сегиз киши испаниялык, бир киши түрк жараны болуп жалпы тогуз кишинин ПКК террордук уюму менен байланышы бар деген негиз менен камалгандыгы билдирилди. Камалган кишилердин Европанын түрдүү өлкөлөрүнөн ПКК/КЖКнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГге мүчө таап бергендиги испаниялык мекемелер тарабынан белгиленген. Испания атайын жооптуу соту тарабынан 2017 -жылы 23 -январда кабыл алынган актыда шектүү кишилерден экөөсүнүн Сириянын түндүгүндө ДЕАШ менен күрөшүүнүн негизинде куралдуу машыгуудан өтүшкөндөрү, ПКК террордук уюмунун Сириянын түндүгүндөгү куралдуу бөлүгү ЙПГге кошулушкандары, ПКК тарабынан берилген жолдомолорду ишке ашырган жана бул уюмга караштуу болгон ЙПГнин эң алды жагында кагылышууларда активдүү түрдө орун алгандыгы белгиленген. Испания мамлекети тарабынан чыгарылган бул чечим ПЙД/ЙПГнин террордук уюм ПКК/КЖК менен байланышынын Испания тарабынан кабыл алынышынын көрсөткүчү.



Тектеш кабарлар