Кыргыз-өзбек алакасы бекемделүүдө

Атамбаев менен Мирзиёев сүйлөштү

830787
Кыргыз-өзбек алакасы бекемделүүдө

Бейшемби күнү Президент Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. 

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн мындан аркы кызматташуусун талкуулап, жакында эле болгон малекеттик сапарлардын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маанилүү экенин белгилешкен. 

Мындан сыркары Шавкат Мирзиёев Алмазбек Атамбаевди президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Кыргызстанга туруктуулук менен өнүгүүнү каалаган. Ал эми Алмазбек Атамбаев өзбекстандык кесиптешине эки тараптуу маселелерди чечүүгө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

КТРК



Тектеш кабарлар