Көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракеттенебиз (видео маек)

Көчмөндөр оюнунун экинчисин өткөрүугө даярдыктарды көрүү боюнча старт алдык. Уюштуруу тобу түзүлдү. Президенттин администрациясы, Өкмөт тараптан бүткүл пландар иштелип чыкты.

Көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракеттенебиз (видео маек)
Көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүп жатат (видео)
Көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүп жатат (видео)

КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жанакулов, ТРТнын "Түркия үнү" радиосунда маек куруп берди. (видео маек

Урматтуу окумандар бүгүн студиябызда Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов менен маектешүүдөбүз.

  • -Үстүбүздөгү жыл Кыргызстан Президентинин жарлыгы менен маданият жана тарых жылы деп жарыяланбадыбы, ушуга кандай даярдыктар болуп жатат? Ушул жылы кандай иш-чаралар өтөт?
  • -Биринчиден чечим боюнча айтсам, мен ойлойм быйылкы жылды маданият жана тарых жылы деп башчыбыз тарабынан жарыяланышы абдан жакшы өбөлгө. Анткени бул убакытка чейин экономикалык жылы, экономиканы кайра калыбына келтирүү жылы деп жарыялап келдик. Эми бардык өлкө биригип өзүбүздүн маданиятыбызды өзүбүздүн тарыхыбызга кайрылып келе турган жылдын орду келди го деп эсептейм. Мындай жылдын жарыяланышы жакшы себептер менен башталды. Быйыл бул жылды өткөрүү боюнча министрлик тараптан иш-чаралар пландуу иштелип чыгууда. Чоң иш-чаралардын бири катары Жусуп Баласагындын 100 жылдыгы, 1916-жылкы Үркүндүн 100 жылдыгы бар билесиз, андан сырткары сентябрь айында буюрса Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын экинчиси Чолпон-Ата шаарында өтөт. Мындан тышкары азыркы учурда Кыргызстандын маданият күндөрү Кувейт, Катар жана Араб өлкөлөрүндө белгиленгени жатат жана башка түрк мамлекеттеринде да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошонун негизинде ушул иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондой эле, жер-жерлерде, облустарда, райондордо мамлекеттик деңгээлде бир канча иш-чаралар бар, аны белгилөө боюнча. Дал ушул иш план менен май айына белгиленген, ошол жерде өткөрүлөт.
  • -Сиз өзүңүз Анкарага келдиңиз, Түркия менен кандай жолугушуулар болгону жатат, Түркия менен кандай алака катыштар болот? Ошол тууралуу айтып берсеңиз.
  • -Туркияга келгенимдин себеби Комсек уюму тарабынан чоң жыйыныбыз бар, Ислам дүйнөсүнүн туризмин өнүктүрүү боюнча жана туризм багытындагы колдоо боюнча. Бул жакшы бир аянтча деп ойлойм. Кыргызстандын ичинен туризм секторунан чыккан инвестициялык проекттерди бул жерде сунуштоо жана финансылык каржылоону бул жерден табуу. Экинчи себеп, Түркия туризм сектору боюнча алдыңкы орунда турат. Ошол тажрыйбаны көрүп, байкаштырып, бул жердеги кесиптештер менен жолукканы келдим. Туризм министри менен жолугушуулар болот. Ошондой эле, Түркиянын туристтик агенттиктерин бириктирген ТУРСАБ деген чоң ассоциациясы бар, ошону менен кызматташтык карым-катнаштык көпүрөнү түзүү боюнча бир канча кол коюулар болот.
  • -Туризм тармагы деп айтып калдыңыз, Түркияда өзүңүз көрсөңүз керек, чоң музейлер бар, туристтер агылып келет. Кыргызстанда музейлерди туризмге колдонуу, туристтерге ыңгайлаштыруу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?
  • -Туризм тармагында эң чоң тенденцияга ээ болгон багыттардын бири маданий туризм. Туристтер башка өлкөгө келип ошол өлкөнүн маданиятын, коомдук жайларын изилдеп көрүү багыты болуп эсептелинет. Бул нерселерди көбөйтүү үчүн мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлүшү керек. Кыргызстанда азыркы учурда саны боюнча жеткиликтүү. Бирок аларды кайра калыбына келтирип, пропагандалоо иштерин жүргүзүп, өлкө ичинен баштап бардыгына таанытуу, андан кийин өлкө тышындагы туристтерге таанытуу чоң максаттардын бири болуп эсептелет. Бул иштер бир канча себептердин негизинде жай жүрүп жатат. Аракет кылуудабыз. Тарых музейин, Ата Бейитти реконструкциялоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Андан тышкары Шахвазилдин реконструкицясы бүттү. Ар бир облустагы туристтик объектилерди иштетүүгө аракеттер көрүлүп жатат.
  • -Көчмөндөр оюну деп айтып калдыңыз, бул жылкы иш-чарага кандай даярдыктар көрүлүп жатат?
  • -23-декабрда Көчмөндөр оюнунун экинчисин өткөрүугө даярдыктарды көрүү боюнча старт алдык. Уюштуруу тобу түзүлдү. Президенттин администрациясы, Өкмөт тараптан бүткүл пландар иштелип чыкты. Быйыл масштаб абдан чоң болушу керек. Көчмөндөр оюну болгон учурда Түрк кеңешинин жыйыны да болот. Аталган кеңештин башчылары келип ал жерде саммит өткөрүшөт. Саммит учурунда дүйнөлүк көчмөндөр оюну болот.Уюштуруучулук жактан каталар аз болушу керек. Конокторду тосуп алуу, оюндарды өткөрүү, оюндардын жоболорун иштеп чыгуу, аларга спортчуларды чакыруу, кантип ойноштун эрежелерин түшүндүрүү, иш-чара тууралуу жар салуу, үгүт иштерин жасоо учурда кызуу жүрүүдө.
  • -Былтыр жар салуу начар болуп калды окшойт. Көпчүлүк өлкө укпай калышты. Аз келип калышты, быйыл ошого кандай даярдыктар болуп жатат?
  • -Жар салуу боюнча көчмөндөр оюнуна чейинки маалыматтар азыраак болуп калды, оюн өткөндөн кийин маалыматтар көбүрөөк таркатылды. Кадыр-барктуу дуйнөлүк ЖМКлар келип чагылдырышты. Сиз туура белгилеп кеттиңиз, көчмөндөр оюндары боло тургандыгы жөнүндө жакшылап таркатылышы керек. Бул тууралуу роликтер тартылып жаткан учуру. Роликтер жана макалалар бүткүл дүйнө жүзүнө таркатылышы үчүн өзгөчө Европа мамлекеттерине, Евроньюс, CNN, Араб өлкөлөрү Аль-Жазира, Түркиянын ТРТ менен азыркы учурда сүйлөшүп жатабыз.
  • -Ипподромдун курулушу боюнча айта кетсеңиз?
  • -Ипподром быйыл дагы реконструкцияланат. Былтыр 2 гана трибунасы буткөн, ортосундагы имаратты алып салып 3 кабаттуу жаңы имарат курулат. Ошондой эле 1200 автоунаага эсептелген автостоянка салынат. Балыкчыдан баштап кайра жолдор оңдолот. Бир эле оюндун алкагында кийин дагы иштей турган чоң функциялуу борборго айланат.
  • -Былтыр ипподромдун гана айланасында эмес Кырчын жайлоосунда дагы уланбадыбы. Быйыл дагы ошондой болобу? Эгер ошондой болсо жайлоого чейинки жолдор кандай болот?
  • -Кырчын жайлоосунун жолун өзүнчө карап жатабыз. Кырчынга свет, сууларды чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Көчмөндөр оюну гана үчүн эмес этно айыл куруу планы турат. Отурукташып, турукташып калган этно айылча керек. Ар бир облустарда керек, улуттук каада-салт, калк оюндары, улуттук тамак-аштарын, ыр-бийлерин көргөзүү үчүн атайын программа өткөрүлөт. Этно аймактар курулуп, ал ишке киргенден кийин гана Көчмөндөр оюндарын баштайбыз. Мындан сырткары башка элдердин этно айылчаларын курууга макулдашуулар жүрүп жатат.
  • -Сизге эркин микрофон
  • -Кыргызстан баарыбыздын ата мекенибиз. Ата журтка барып жалпы эл менен келип биздин эски каада-салттарыбызды, эски жеринерди көрүп кетүүнөрдү каалайбыз. Сиздерди күтөбүз. Эшик ачык. Сиздер менен кызматташууга даярбыз.


Тектеш кабарлар