Түркияда айыл чарба жана мал чарбачылык жарманкеси өтөт

Жарманкенин ачылышына айыл чарба жана мал чарбачылык министри Бекир Пакдемирли да катышат.

Түркияда айыл чарба жана мал чарбачылык жарманкеси өтөт

 

Түркия Европанын төрт ири жарманкелеринин бири болгон 14-Agroexpo Эл аралык айыл чарба жана мал чарбачылык жарманкесине кожоюндук кылат.

7-10-февраль күндөрүнүн аралыгында өтө турган жарманкенин ачылышына айыл чарба жана мал чарбачылык министри Бекир Пакдемирли да катышат.

130 миң чарчы метрдик аянтта өтө турган жарманкеге чет өлкөдөн өндүрүүчүлөр, айыл чарба жана мал чарбачылык тармагындагы ишканалар,  чет өлкөлүк трактор өндүрүрүүчүлөрү сыяктуу сектордун өнөктөштөрү катышмакчы.

Буга байланыштуу маалымат берген министр Пакдемирли, ар кайсы өлкөлөрдөн ишкерлер, менчик сектордун өкүлдөрү, академиктер жана жарандык коомдук уюмдардын жарманкеде чогулаарын, иш-чаранын негизинде айыл чарбадагы потенциалдуу кызматташтык тармактарында жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлө турганын белгиледи.

Пакдемирли жарманкеде быйыл биринчи жолу Айыл чарба министрлеринин жыйынын да өткөрүлө турганын билдирип: «Жармакеде ар кайсы өлкөдөн 16 министр жана орун басарлары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен 30дан ашуун жогорку деңгээлдеги өкүл катышат. Бул жарманке экспорттоо жагынан түрк айыл чарба жана мал чарбачылык секторуна чоң салым кошот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар