Анкарадагы жарманкеде Кыргызстан

Борбор калаа Анкарада «16-Өлкөлөрдүн кол өнөрчүлүк, белектик буюм жана жергиликтүү товарлар жарманкеси» башталды.

ÜLKELER_FUAR_AKM_36.jpg
ÜLKELER_FUAR_AKM_34.jpg
ÜLKELER_FUAR_AKM_4.jpg
ÜLKELER_FUAR_AKM_19.jpg
ÜLKELER_FUAR_AKM_1.jpg

Борбор калаа Анкарада «16-Өлкөлөрдүн кол өнөрчүлүк, белектик буюм жана жергиликтүү товарлар жарманкеси» өтүп жатат.

Жарманкени Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА), Эл аралык Түрк маданиятын таанытуу уюму (ТҮРКСОЙ), Тарыхташ улуттардын коомчулуктарын иликтөө, изилдөө,билим берүү, маданият жана көмөктөшүү коому, Рем жарманке уюму менен Чамлыдере муниципалитети биргелешип Ататүрк маданият борборунда өткөрүүдө.

Дүйнөнүн чар тарабынан өлкөлөр орун алган жарманкеге быйыл  дагы Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү калың топ болуп катышты. Кыргызстандык кол өнөрчүлөрдү Мира Токтогонова жетектеп келди.

Анкара калкы жарманкени кыдырып, кыргыздын кол өнөрчүлүк буюмдарына суктануу менен катар Кыргызстандын балынын даамын көрүп тамшанып жатышат.

Кыргызстандан кол өнөрчүлөр менен бирге келген ырчылар Зарина Абдраева менен Акмарал Эркинбек кызы өз өнөрлөрүн маал-маалы менен тартуулап жарманкенин көркүн ачууда.


Этикеткалар: Кыргызстан , Анкарада

Тектеш кабарлар