Анкарада тушоо той болду

Анкарадагы кыргыздар тушоо тойго келип Балбайга бата беришти. Тушоо той «Ала-Тоо» кафесинде башталып, Гүвен парктын жайык аянтында чуркоо менен уланды.

тушоо той1.jpg
тушоо той3.jpg
тушоо той4.jpg
тушоо той6.jpg
тушоо той7.jpg

Кечээ Анкаранын борборундагы Гүвен паркта тушоо кесүү тою өттү.

Анкарадагы кыргыздар ар убак чогулуп үрп-адат, салттарды үзбөй улап, ар түрдүү иш-чаралар чогуу-чаран өткөрүп келишет. 1-февралдын кечинде Анкарадагы кыргыздар Таштан Сатиев жана Гүлбайра Абдыкерим кызынын Алтайдан кийинки экинчи уулу Балбайдын тушоо тоюна күбө болушту.  Тушоо той  алардын «Ала-Тоо» кафесинде башталып, Гүвен парктын жайык аянтында чуркоо менен уланды.

Тушоо тойго Балбайдын чоң атасы Сатиев Кубанычбек Сейдебашович менен чоң энеси Бейшеева Жыпаркүл Касирдинова Кыргызстандан  келип катышып, бир жагынан тойдун ээси катары элди күтсө, экинчи тараптан келген кыргыздарга баталарын берип, кеп кеңештерин айтып жатышты.

Гүвен парктагы жарышка майда балдар менен катар айымдар жана мырзалар да катышты. Майда балдардын арасынан Мухаммед Кыргыз Нурбек уулу биринчи келди, айымдардын арасынан Айжан Жаманакова эч кимге жеткирбей келип тушоону кессе, мырзалардын арасынан Сыймык Бегалиев көпчүлүктүн арасынан суурулуп чыгып марага жетти.

Анкаранын чок ортосундагы Кызылай районунда орун алган Гүвен паркта күнү-түнү дебестен эл көп болот. Кыргыздын салтына кызыккан түрк туугандар куштарлана карап, «салтыңыздар мыкты экен» деп баа берип жатышты...

Тойдун аягында конокторго «Ала-Тоо» кафесинде беш бармак сунулуп, Балбайга бата берилди...



Тектеш кабарлар