Дүйнөнүн эң чоң мебель жарманкелеринен бири

Дүйнөнүн эң чоң мебель жарманкелеринен бири болгон IMMге быйыл 50 өлкөдөн орто эсеп менен 1200 фирма катышса, Түркия жарманкеде 44 фирма менен өкүлдүк кылууда.

1125636
Дүйнөнүн эң чоң мебель жарманкелеринен бири

Германиянын Келн шаарында IMM Эл аралык мебель жарманкеси каалгаларын келгендерге ачты.

Дүйнөнүн эң чоң мебель жарманкелеринен бири болгон IMMге быйыл 50 өлкөдөн орто эсеп менен 1200 фирма катышса, Түркия жарманкеде 44 фирма менен өкүлдүк кылууда.

240 миң 800 чарчы метрдик аянтка курулган 14 бөлүмдөн турган жарманкенин бир бөлүмүндө айрыкча, «Ашкана эмеректери жарманкеси» да орун алды.

Жарманкеде диван комплекттери, отуруу бөлмөсү, уктоочу бөлмө, мончо мебелдери, балдардын бөлмөсүнүн буюмдары, үй текстили, дубал каптоочу жабдыктар, жарыктандыруу, электрондук ашкана буюмдары, кооздоо жана декорация жабдыктарынын эң мыкты моделдери көргөзмөгө коюлган.

Жарманкеде кеңири жана ачык бөлмөлөр менен катар өзгөчө кичине отуруу аянттарына карай катталуучу жана компакттуу товарлар алдыңкы планга чыкты.

Дүйнөлүк мебель секторундагы акыркы жаңылыктардын жана акыркы технология эмеректеринен турган ашкана буюмдары көргөзмөгө коюлган жарманке, 20-январга дейре кыдырылса болот.



Тектеш кабарлар