Анкарадагы кыргыздар жаңы жылды тосушту

Түркиянын борбор калаасындагы кыргыз жарандары жаңы жылды тосуу кечесин өткөрдү.

YILBASI_ANKARA_KIRGIZLAR2.jpg
YILBASI_ANKARA_KIRGIZLAR3.jpg
YILBASI_ANKARA_KIRGIZLAR4.jpg
YILBASI_ANKARA_KIRGIZLAR5.jpg

Кечээ 29-Декабрда Түркиянын борбор калаасындагы кыргыз жарандары жаңы жылды тосуу кечесин өткөрдү.

Кечени КРнын Түркиядагы Элчилиги,  Анкара шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлчүлүгү менен Анкарада өздөрүнүн ишканаларын иштетип жаткан кыргыз жарандары жана студенттер биргелешип уюштурду.

Кечеге КРнын Анкарадагы консулу Чынгыз Абрахманов, КРнын Президенттик кеңешчилиги астындагы Анкара шаарынын диаспорасынын өкүлү, «Тимас Траде» ишканасынын жетекчиси Тимур Такабаев, «Датка» ишканасынын жетекчиси Жылдызбек Жолдошбеков, «Аманатт» ишканасынын жетекчиси Нурбек Табышев, «Бүркүтт» ишканасынын жетекчиси Адилет Абишев, «Ала-Тоо» кафесинин өнөктөш жетекчилери Элдар Орозалиев менен Таштан Сатиев, Анкарада эмгектенген мекендештер жана студенттер катышты.

Кече Анкаранын борборундагы бир мейманканада болуп, зал жык-жыйма толду. Иш-чараны Кыргызстандан келген мурдагы анкаралык студент Адилет Абишев алып барып, отургандардын маанайын көтөрдү. Кечеге келген мекендештердин арасында үй-бүлөлүүлөр да болуп, алардын балдары залда моокуму кангыча чуркашып ойноп жүрүштү...

Ал эми катышуучулар ар түрдүү оюн зоокторго тынымсыз тартылып, студенттер ыр ырдап, кечеде жагымдуу маанай тартууланып жатты. Ошондой эле студенттердин арасында акыл таймаш сынагы да уюштурулуп, ошол замат калыстар тобу белгиленип сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сынактын жеңүүчүлөрүнө «Датка» экспорт-импорт  ишканасы тарабынан сыйлыктары тапшырылды. Атай кетсек сынакка катышкандар; Айпери 1-орун, Салкын 2-орун, Баян 3-орун жана Маржан 4-орунду алды. «Датка» фирмасы 3-орунду алган Баяндын Курманжан Датка энебиздин туулган жылын туура айтканы үчүн кошумча акчалай сыйлык тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Мариям» чач тарач жана сулуулук салону да өзүнүн оюн сынагын уюштуруп, жеңгендерге белектерин тапшырды.

Кече өткөн жайды «Аманатт» ишканаасы даярдап, билеттер камсыздалса, «Тимас Траде» ишканасы фиансылык колдоо көрсөттү. «Бүркүтт» ишканасы программаны уюштуруп, тартуулоону колго алды. Ошону менен бирге Анкарадагы «Ала-Тоо» кафеси кыргыздын боорсокторун жасап келип, дасдарконду көрккө бөлөдү.

 



Тектеш кабарлар