Антальяда "Айтматов" атындагы сейил бактын ачылышы жасалды

Муратпаша муниципалитети тарабынан колдоого алынып расмий ачылыш ишке ашты.

AYTMATOV_ANTALYA_PARK_ACILIS2.jpg
AYTMATOV_ANTALYA_PARK_ACILIS3.jpg
AYTMATOV_ANTALYA_PARK_ACILIS4.jpg

 Кечээ 23-декабрь күнү Анталья шаарында «Чыңгыз Айтматов» атындагы жаңы сейил бактын ачылыш аземи болуп өттү. Муратпаша муниципалитети тарабынан колдоого алынып расмий ачылыш ишке ашты. Ачылыш аземинде Муратпаша муниципалитетинин башчысы Үмит Уйсал өз сөзүн сүйлөсө,Кыргызстандан келген сыйлуу конок, Чынгыз Айтматовдун тун уулу, коомдук ишмер Аскар Айтматов катышты. Өз сөзүндө ал: Ч.Айтматов жөнүндө кенен маалымат берип ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн ынтымагы улана берүүсүн айтып терең ыраазычылык билдирди. Мындан сырткары сөзүнүн аягында атам Чыңгыздын арбагы азыр ушул жерде экендигин айтып анын ыраазы болуп аткандыгына ишенип жатканын кошумачалады.  
 Мындан тышкары ачылышка КРнын Стамбулдагы Башкы консулу Азиз Адамов катышты. Ал эми КРнан дагы сыйлуу коноктор "Кыргыз эли" коому жана Муратпаша муниципалитети тарабынан чакырылып, борбор калаабыз Бишкек шаарынан Улуттардын маданий өнүгүүсү "Көчмөндөр" фондунун директору Собянин Александр Дмитриевич жана орун басары Кайназаров Мэлис Кошбаевичтер катышып өз куттуктоолорун жана ыраазычылыктарын айтышты. Ошондой эле "Кыргыз эли" коомунун жетекчиси Айдай Орунтаева жана Маданият иштери боюнча башчысы Рысгүл Кадыровалар муниципалитеттин башчысына жана Аскар Айтматовго белектерин тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшү концерттик программа менен коштолуп Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык "Ысык-Көлдү сагынуу" чыгармасы менен жыйынтыкталды.

 



Тектеш кабарлар