Ош шаары 2019-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор калаасы болот

ТҮРКСОЙдун маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин кезектеги 36-жыйналышынын жабылыш отурумунда Кыргызстандын Ош шаары «2019 Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары» деп белгиленди.

Ош шаары 2019-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор калаасы болот

Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин кезектеги 36-жыйналышынын жабылыш отурумунда Кыргызстандын Ош шаары «2019 Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары» деп белгиленди.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Кастамонунун тарыхый Куршунлу сарайында өткөн ТҮРКСОЙдун маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин кезектеги 36-жыйналышынын жабылыш отурумундагы сөзүндө координация милдетин Кыргызстанга өткөрүп бергендерин билдирди.

Мындан кийинки жыйналыштын Кыргызстандын Ош шаарында боло турганына шилтеме кылган Эрсой: «Буюрса бардыгыбыз бирге кайра ошол жерде жолугушабыз»,-деди.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүсен Касеинов болсо Кыргызстандын Ош шаарынын «2019 Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары» болгонун жарыялап ар кимди ал жакка чакырды.

Шейх Шабани Вели тууралуу Кыргызстанда ар түрдүү эмгектер жасала турганын айткан Касеинов: «Шейх Шабани Вели тууралуу Түрк дүйнөсүнүн маданият борбор шаары Ошто чоң конференция өтөт. 2019-жыл (Түрк элдик акыны) Ашык Вейсел жана Азербайжандын атактуу акыны Имадеддин Несими жылы болот»,-деп айтты.

ТҮРКСОЙ фотосүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы жасалган иш-чарада ТҮРКСОЙдун маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин кезектеги 36-жыйналышынын токтомдору жана жыйынтык декларациясына кол коюлду.

Программанын акырында Кастамону губернаторлугу тарабынан министр Эрсой менен жыйналышка катышкан түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө плакет тапшырылды. (Түрк тилдери тууралуу эмгектери менен таанылган) «Махмуд Кашкари» темалуу аңгеме сынагында даражага ээ болгондорго сыйлыктары берилди.



Тектеш кабарлар