Канадада Түрк кино тасма жумалыгы өттү

Торонто шаарында алгач ирет Түрк тасмалары жумалыгы өттү.

Канадада Түрк кино тасма жумалыгы өттү

Канаданын Торонто шаарында алгач ирет Түрк тасмалары жумалыгы өттү.

Маданият жана туризм министрлигинин кино башкармалыгынын колдоосу жана Түркиянын Торонто башкы консулдугу менен «Юнус Эмре» институту бирглеше уюштурган иш-чара абдан көп кызыгууну тарты.

Торонто университетинин İnnis Town Hall театрындагы иш-чарада үч тасма көрсөтүлдү.

«Сейрек турмуш», «Көпөлөктүн түшү» жана «Сүйүүгө капыстан кабылгандар» аттуу тасмалар киносүйүүчүлөрдүн назарына сунушталды.

Тасмаларды Торонтодо жашаган түрк коомчулугу жана жүздөгөн канадалык кино сүйүүчүлөр көрдү.

Түрк кино тасмалары жумалыгынын алкагында Түркиянын Торонтодогу Башкы консулдугу тарабынан сыйкорлук көрсөтүлдү.

Торонтодогу башкы консул Эрдениз Шен, алгачкысы ишке ашкан иш-чаранын салтка айландырыла турганын айтты.

Шен, Торонтодон Түркияга баргандардын санын арттырууну каалагандарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар