Стамбулда эл аралык Ислам жана экономика симпозиуму өтөт

Стамбул Экономисттер коому тарабынан жыл сайын салттуу түрдө уюштурулган Эл аралык Ислам жана Экономика симпозиуму быйыл 10-жолу өтөт.

Стамбулда эл аралык Ислам жана экономика симпозиуму өтөт

Эл аралык Ислам жана экономика симпозиуму 12 өлкөдөн 400 катышуучуну 8-декабрда чогултат.

Стамбул Экономисттер коому тарабынан жыл сайын салттуу түрдө уюштурулган Эл аралык Ислам жана Экономика симпозиуму быйыл 10-жолу өтөт.

12 өлкөдөн 400дөн ашуун академик, бюрократ жана жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү катыша турган симпозиум 8-9-декбарда Стамбул университетинин конгресс жана маданият борборунда өтөт.

«21-кылымда Ислам экономикасын кайрадан ойлонуу» аттуу симпозиумда 6 башка отурум уюштурулат.

Билдирүүдө көз караштарына орун берилген Стамбул Экономисттер коомунун төрагасы Мустафа Болат: «Симпозиум эки негизги максатты ишке ашырат. Биринчиси Ислам экономикасынын экономикасы жана социоэкономикалык кризистердин ашылып өтүлүшү үчүн сунуштаган стратегиялардын кайрадан табылышы, экинчиси болсо Ислам экономикасын эбегейсиз экономикалык система катары алдыңкы планга чыгаруу болуп саналат»,-деди.

Бул иш-чараны Стамбулдун Исламий финансынын да борбору болушу багытында маанилүү кадам катары көргөндөрүн баса белгилеген Болат: «Алгачкысын 2008-жылы баштаткан симпозиумдап, быйыл Ислам экономикасы тармагында дүйнө урматтаган академиктерди да чоуглуутдабыз. АКШ, Малайзия, Индонезия, Англия, Сауд Арабия жана Түркия сыяктуу 12 өлкөдөн 30дан ашуун университеттен атактуу профессор жана академиктер Түркияда жолугат. Симпозиумдун акырында 16 билдирүү жарыяланат. Ислам экономикасын терең түрдө талкыылай турган платформа болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар