"Пайитахт Абдүлхамит" сериалынын башкы каарманы Катарда

ТРТнын «Пайитахт Абдүлхамит» аттуу сериалында Султан 2 – Абдүлхамиддин ролун ойногон Бүлент Инал Катарда күйөрмандары менен жолугушту.

bulent inal.jpg
bulent inal.jpg
bulent inal.jpg

Түркия радио – телекөрсөтүү мекемеси ТРТнын дүйнөлүк масштабда жактырылган «Пайитахт Абдүлхамит» аттуу сериалында Султан 2 – Абдүлхамиддин ролун ойногон Бүлент Инал Катарда күйөрмандары менен жолугушту.

Ажйал кино фестивалына катышуу үчүн Катардын борбор шаары Дохага барган Инал бул жердеги бир түрк ресторанында күйөрмандары менен жолугушту.

Араб дүйнөсүндө да жактыруу менен көрүлгөн «Пайитахт Абдүлхамиддин» башкы актеру өзүн көрүү үчүн келгендер менен сүрөткө түштү.

Доха кино мекемесинин жардамы менен кечээ башталган Ажйал кино фестивалы дүйшөмбү күнгө чейин улантылат. Кечээ да ТРТнын рейтинг рекордуна жеткен «Дирилиш Эртугрул» сериалында Эртугрул бейдин ролун аткарган Энгин Алтан Дүзйатан Дохада күйөрмандары менен жолугушту.

 

 

 



Тектеш кабарлар