Түрк сериалдары дүйнө биринчиси

Түрк сериалдары 156 өлкөгө экспорттолууда.

1091621
Түрк сериалдары дүйнө биринчиси

Дүйнөдөгү сериал импортунун 25 пайызын түзгөн түрк сериалдары Европада бул тармакта биринчиликти алды. Маалыматты маданият жана туризм министри Нури Эрсой билдирди.

Нури Эрсой министрликтин 2019 -  жылдагы бюджети сөз болгон Түркия Улуттук Парламентинин План жана бюджет комиссиясында депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Кино секторуна байланыштуу суроолорго жооп берген Эрсой министрлик тарабынан тармакка берилген жардамдар менен 2002 -  жылы 9 болгон жергиликтүү кино санынын 2017 -  жылы 148ге чыккандыгын, 2 миллион болгон жергиликтүү кино көрүүчү санынын 40 миллиондон ашкандыгын айтты.

Түркиянын 56 пайыздык кино көрүүчү катнашы менен Европада биринчи орунду алгандыгын баса белгилеген Эрсой : «Сериалдарыбыз 156 өлкөгө экспорттолууда. Бүткүл дүйнөдөгү телекөрсөтүүнү камтыган импорттун 25 пайызын түрк сериалдары түзүүдө. Бул катнаш менен өлкөбүз дүйнөдө биринчи орунду алууда»,- деди.

 



Тектеш кабарлар