Түрк сериалдары Африкада таанытылды

Эл аралык сериал, тасма, ТВ, мазмун жана кино тартуу секторунун өкүлдөрү жолугушкан жарманкеге Түркиядан 15 фирма жана 21 өкүл катышты.

Түрк сериалдары Африкада таанытылды

Түрк кинотасма жана сериалдары Түштүк Африкада таанытылды.

Түштүк Африканын соода борбору Йоханнесбургда уюштурулган Эл аралык медиа жана жарнама секторунун жарманкесинде түрк фильмдери, сериалдары жана чыгарылыштары абдан көп кызыгууну тартты.

Эл аралык сериал, тасма, ТВ, мазмун жана кино тартуу секторунун өкүлдөрү жолугушкан жарманкеге Түркиядан 15 фирма жана 21 өкүл катышты.

Стамбулдун соода борборунун башчы орун басары Исрафил Куралай: «Чыгарылыштарыбыз экономикалык киреше алып келиши менен бирге тийиштүү өлкөлөрдө тилибиздин, маданиятыбыздын жана өлкөбүздүн таанылышын камсыз кылышууда. Ошондуктан биз бул демилгелерди бир гана экономикалык баалуулук катары карабайбыз»,-деди.

Түрк чыгарылыштарынын дүйнөнүн ар тарабында көрүлгөнүн, бирок булардын санын арттыргысы келгендерин белгилеген Куралай: «Африкада басып өтө турган көп жолубуз бар»,-деп айтты.

Куралай, кино чыгаруу тармагынын киреше алып келүүчү тармактардын арасында да орун алганына көңүл буруп, базар жагынан дүйнөдө АКШдан кийин Түркиянын экинчи орунда экенин айтты.



Тектеш кабарлар