Космостон келген маалымат

(НАСА) кызмат кылган түрк илимпозу доктор Умут Йылдыз,  Сакария университети тарабынан өткөрүлгөн конференцияга видеоконференция ыкмасы менен сөз сүйлөөчү катары катышты.

1071565
Космостон келген маалымат

АКШнын авиация жана космос агенттигинде (НАСА) кызмат кылган түрк илимпозу доктор Умут Йылдыз,  Сакария университети тарабынан өткөрүлгөн конференцияга видеоконференция ыкмасы менен сөз сүйлөөчү катары катышты.

НАСАга таандык Jet Propulsion Laboratory (JPL) аттуу бөлүмдө  терең космостук байланыш жана астрофизика тармактарында изилдөөчү болуп иштеген Йылдыз: «Карьера жана келечек» аттуу конференциядагы сөз сүйлөөсүндө окуучуларга аалам, планеталардын түзүлүшү, ааламда башка акылдуу жандыктар болуп болбогону, күн системасынын жана адамзаттын түзүлүшү сыяктуу кызыгылган темаларда ачыктоолорду жасады.

НАСАдагы иштерин дагы камтыган баяндоо жасаган Йылдыз, андан соң космостук иштер жана Марсты изилдөөдө табылган акыркы табылгалар туурасында студенттерге маалымат берди.

Умут Йылдыз, сөзүндө Марска жасалышы пландалган адамсыз жол тартуу жана Марска жайгашуу пландарын түшүндүрдү.

Виртуалдык болсо да Сакариядагы студенттер менен жолукканы үчүн абдан кубанганын айткан Йылдыз, студенттер менен чыныгы чөйрөдө да жолугушууну каалаганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар