Анкаранын 95 жылдык мааракесине кыргыз ырчы-бийчилери катышты
Мааракеге Түрк дүйнөсүнөн анын ичинен Кыргызстан, Казакстан жана Македониядан искусство чеберлери катышты.
Анкаранын борбор шаар болушунун 95 жылдыгы өзгөчө маараке менен белгиленди. Мааракеге Түрк дүйнөсүнөн анын ичинен Кыргызстан, Казакстан жана Македониядан искусство чеберлери катышты.
Анкара клубу, ТҮРКСОЙ, ТИКА жана Йенимахалле муниципалитети биргелешип өткөргөн иш-чаранын гала концертине Йенимахалле муниципалитетинин башчысы Фетхи Яшар, Анкара Клубунун жетекчиси Метин Өзарслан, Түрксойдун өкүлдөрү, Элчилик кызматкерлери, медиа мүчөлөрү жана калың эл катышты.
Кыргызстандан иш-чарага искусство чеберлерин алып келген «Т.M.J.» элдик фондунун төрайымы Мира Токтогонова, былтыр Анкаранын борбор шаар болушунун 94 жылдыгына катышкандарын, быйыл болсо экинчи ирет келип ошондой эле 95 жылдык мааракесине катышып, Түрк дүйнөсүнүн көпчүлүк калктарынын ыр-бийлерин даярдап келип аткарып бергендерин айтты.
Тектеш кабарлар
"12 Punto 2024" финалисттери белгилүү болду
Быйыл 100дөн ашуун көркөм фильм долбоору катышкан иш-чара 7-14-июль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.