Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында акыл оюндарына чоң кызыгуу көрсөтүлүүдө

Жарыштарда даражага киргендер үчүн 8 -  сентябрда сыйлыктар тапшырылат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында акыл оюндарына чоң кызыгуу көрсөтүлүүдө

2 -  сентябрда башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз «тогуз коргол», түрк «мангала» жана батыш африкалыктардын «овари» оюндары кызыгууларды тартты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилигинде 2 -  сентябрда башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыздардын «тогуз коргоол», түрктөрдүн «мангала» жана батыш африкалытардын «овари» оюндары боюнча жарыштар өткөрүлдү. Ысык – Көл облусундагы «Евразия» мейманканасында өткөрүлгөн жарыштар бүгүн аяктайт. Жарыштарда даражага киргендер үчүн 8 -  сентябрда сыйлыктар тапшырылат.

Кыргызстандын Тогуз коргоол федерациянын төрагасы Камчыбек Касымов тогуз коргоол, мангала жана овари оюндарына 36 өлкөдөн 196 кишинин катышкандыгын билдирди.  Касымов жарыштарда Кыргызстандан, Казакстандан, Түркиядан жана Монголиядан бирден кишинин калыстык кылгандыгын айтты.

Түрк мангала оюнунун биринчи жолу Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына киргизилгендигин белгилеген Касымов : «Түрк акыл оюну Кыргызстанда популярдуу болду. Бул оюнга кызыгуу абдан чоң. Биз да бул оюнду 3 -  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тармактарынын арасына алдык. 3 -  дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында мангала жарыштарына 57 киши катышты»,- деди.



Тектеш кабарлар