Пекиндеги китеп жарманкесинде Түркияга кызыгуу чоң

Жарманке дүйнөнүн эң чоң китеп жарманкелеринин арасында.

Пекиндеги китеп жарманкесинде Түркияга кызыгуу чоң

Кытайда ачылган Пекин эл аралык китеп жарманкесинде түрк иш чаралары чоң кызыгуу көрдү. Кытайдын борбор шаары Пекиндеги Кытай эл аралык жарманке борборунда  өткөрүлгөн 25 -  Пекин эл аралык китеп жарманкесине жалпы дүйнөдөн 93 өлкө жана аймактан 2 миң 500дөн ашуун кытайлык жана чет элдик басмакана кызматкерлери катышты. Жарманкеде 300 миңден ашуун чыгарма китепкөйлөргө сунушталды. Жарманке дүйнөнүн эң чоң китеп жарманкелеринин арасында.

Булар менен бирге китеп таанытуу жана туризм тема болгон эки башка стенд менен Түркиядан 4 миңге жакын китеп кытайлык китепкөйлөр менен жолугушту.

Жарманкеде Троя, осмондук ашканасы жана каллиграфия өнөрү таанытылды. Келгендер абдан чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Бул жылы да Түркиянын котормо жана жарыялоону колдоо программасы проектиси менен түрк адабиятынын башка тилдерге которулушу менен тарыхый жана туристтик жерлер таанытылат.

Бул жылы 2018 Троя жылы болгондуктан Кытайда Троянын тарыхы, Троя музейи кытайлык туристтерге түшүндүрүлүүдө.

23 – августта башталган Пекин эл аралык китеп жарманкеси 26 – августка чейин ачык болот.



Тектеш кабарлар