Кахраманмарашта «Ашкана музейи»

Музейдеги идиш-аяктар чоң кызыгуу жаратууда.

Кахраманмарашта «Ашкана музейи»

Кахраманмарашта Дулкадироглу муниципалитети тарабынан «Ашкана музейи» ачылды.

Музей Мараштын 500 жылдык ашкана маданиятын кийинки муундарга жеткирет.

Музейде Кахраманмараштын коноктоо маданиятын чагылдырган жез идиштер, казандар, газ лампалары жана берки буюмдар чоң кызыгуу жаратууда.

Байыркы конок үйүнүн калыбына келтирилишиндеги эң маанилүү максат, Кахраманмараштын өзүнө таандык ашкана маданиятын келечектеги муундарга туура жеткирүү болуп саналат.

Музейде шаардын 500 жылдык тарыхына таандык 800 башка идиш-аяк жана буюмдар көрсөтүлүп жатат.

Музейдин ашканасында келгендерге сорпо жана плов тартууланууда.



Тектеш кабарлар