Орусияда түрк фестивалы өтөт
Москвада 10-12-августь күндөрүнүн аралыгында Түркия фестивалы өткөрүлөт.
Орусиянын борбор шаары Москвада 10-12-августь күндөрүнүн аралыгында Түркия фестивалы өткөрүлөт.
Түркиянын Москвадагы элчиси Хүсейин Дириөз, Москвада өткөрүлө турган Түркия фестивалынын абдан кеңири жана калың топ катышкан иш-чара болоорун белгилеп, «Өткөн жылы фестивалга күтүлгөндөн көп киши катышып, 150 миңден ашты. Быйыл андан да көп катышууну күтүүдөбүз»,-деди.
Дириөз, борбор шаар Москвада Орусиянын маалымат агенттиги ТАСС имаратында өткөрүлгөн маалымат жыйынында, фестивалдын өткөн жылы болгону сыяктуу Москвадагы эң престиждүү парктардан Красная Преснаяда үч күн бою улана турганын эске салып, «Түркия фестивалы, Москвалыктарга Түркиянын тарыхы, маданий жана туристтик байлыктарын түшүндүрөт»,-деп айтты.
Хүсейин Дириөз, түрк жана орус ыр чеберлери фестиаль убагында ар түрдүү ырларды ырдай турганын маалымдады.
Дириөз: «2019-жылы Түркияда орус маданият жана туризм жылы, Орусияда да түрк маданият жана туризм жылы катары майрамдала тургандыктан кандайдыр бир даярдык катары көрүлсө болот»,-деп айтты
Тектеш кабарлар
ТРТнын балдар фестивалына Нарындын "Наристе-Кызгалдак" бий тобу катышты
Биринчи жолу 1979-жылы өткөрүлгөн фестиваль Анкарадан бүт дүйнөгө тынчтык билдирүүсүн жаят.