Артуклу мончосу Хасанкейфтеги жаңы ордуна көчүрүлдү

Батмандын губернатору Ахмет Дениз, Ылысу суу сактагычы жана ГЭС долбоорунун алкагында тарыхый түзүлүштөрдү көчүрүүнүн дүйнөгө үлгү болгудай деңгээлде экенин айтты.

Артуклу мончосу Хасанкейфтеги жаңы ордуна көчүрүлдү
Тарыхый Артуклу мончосу көчүрүлдү
Тарыхый Артуклу мончосу көчүрүлдү

Тарыхый Артуклу мончосу жаңы жайына көчүрүлдү

Түркиянын Батман облусунун Хасанкейф районунда орун алган 1500 тонна салмактагы Артуклу мончосу Хасанкейфтеги жаңы маданий парк аянтындагы жаңы ордуна көчүрүлдү.

Батмандын губернатору Ахмет Дениз, Ылысу суу сактагычы жана ГЭС долбоорунун алкагында тарыхый түзүлүштөрдү көчүрүүнүн дүйнөгө үлгү болгудай деңгээлде экенин айтты.

Дениз, тарыхый байлыктардын суу сактагычтан чыгарылышы менен катар Түркия Республикасынын улуулугунун да белгиси экенине басым жасады.

Губернатор Дениз, «Бул тарыхый түзүлүштөр менен катар дагы 6 түзүлүш көчүрүлөт. Хасанкейф чыныгы түшүнүктөгү тарыхый өздүгүн сактайт. Жаңы Хасанкейф туризмдин көздөлгөн жери болот»,-деди.

Дүйнөдө бүтүн бойдон көчүрүлгөн эң байыркы тарыхый түзүлүш болуп эсептелген 1200 тонна салмагындагы «Зейнел Бей» күмбөзү 2017-жылдын 12-майында жаңы жайына ийгиликтүү көчүрүлгөн.

Эми болсо 1200-жылдарда салынган 1500 тонналык Артуклу мончосу жаңы ордуна ийгиликтүү көчүрүлдү.

Көчүрүү иштери 6 саат 40 мүнөттө аяктады.



Тектеш кабарлар