Стамбулда көк желе көргөзмөсү ачылды

Көргөзмө 14-июлга чейин уланат.

Стамбулда көк желе көргөзмөсү ачылды

Сирия, Алжир жана Түркиядан катышкан 26 чебердин чыгармалары орун алган көргөзмөдө 30 картина, 20 жыгач жана таштардын бетине кооздолгон чыгармалары тартууланууда.

Ачылышта сөз сүйлөгөн Түркиянын жазуучулар союзунун Стамбулдагы кеңсесинин төрагасы Махмут Быйыклы, сириялык сүрөтчүлөрдүн чыгармаларында Стамбулду бооруна тарткандарын жана Түркияны жүрөктөрүндө багып жана ички дүйнөлөрүнө кошкондору көрүнүп турганын айтты.

Сирия Көркөм өнөрлөр коомунун төрагасы Омар Алнемр болсо адамдарга ички дүйнөлүрүндөгү искусствону жана кооздуктарды чагылдыра алыш үчүн бул көргөзмөнү ачкандарын белгилеп, «Адамдардын «алар согуштан чыгышты, артта калган өлкөлөр» түрүндөгү жаңылыш ойлору бар. А бирок андай эмес. Жаныбызда искусствобуз бар. Муну чагылдыруу, өзүбүздү таанытуу жана түрктөр менен аралашуу үчүн ушундай көргөзмө уюштурууну туура көрдүк»,-деп айтты.

Араб коомунун төрагасы Метин Туран болсо, согуштан жабыркаган адамдар чыгармаларын сатып киреше табууну ойлогондорун айтты.

Көргөзмөдө жалгыз түрк искусство чебери катары орун алган минятура чебери Эрол Кылыч болсо ушундай көргөзмөдө орун алганы үчүн кубанычта экенин жана бардык чеберлерди урматтаганын айтты.

Көргөзмө 14-июлга чейин уланат.



Тектеш кабарлар