Медиа Оскарлары сыйлыктары ээлерин тапты

Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) 3 башка тармакта сыйлык алды.

962751
Медиа Оскарлары сыйлыктары ээлерин тапты

Радио-телеберүү журналисттери коомунун (RTGD) салттык «Медиа Оскарлары сыйлыктары» ээлерин тапты.

Быйыл түзүлгөндүгүнүн 40 жылдыгын белгилеп жаткан RTGD, 17 башка категорияда 21 киши жана мекемени сыйлык менен сыйлады.

Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) 3 башка тармакта сыйлык алды.

Жылдын эң мыкты эркек оюнчусу сыйлыгы ТРТ-1 каналында көргөзүлүп жаткан «Пайтахт Абдүлхамид» сериалынын башкы каарманы Бүлент Үналга ыйгарылды.

Нурсал Текиндин атайын сыйлыгы ТРТ-Спорт каналында көргөзүлгөн «Арман Йетер Анкарагүжү» даректүү тасмасына берилди.

Жылдын радиосу сыйлыгына, саясаттан дипломатияга чейин, экономикадан көркөм өнөр жана маданиятка чейин күн тартипти чагылдырган ТРТ-Радио Хабер татыктуу көрүлдү.

Радио-телеберүү журналисттери коому быйыл 8 аял журналистти сыйлыктандырды.

Сыйлыктар ушул айдын ичинде президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусундагы азем менен ээлерине тапшырылат.

Интернет медиасы сыйлыгын тапшыруу аземинде да ТРТга сыйлыктар жаады.

35 жылдан бери эмгектенип келген ТРТ-Хабердин мыкты алып баруучусу Фуат Козуклу, «Түнкү көз караш» аттуу программа менен «Жылдын түнкү кабар бюллетени» сыйлыгынын ээси болду.  

Стамбулда өткөрүлгөн аземде ТРТ Музыка каналы да эки сыйлык алды.

«Башкача сахна» жана «Тоскоолдуксуз сахна» программалары жылдын музыкалык көңүл ачуучу программасы тармагында сыйлыкка татыктуу көрүлдү.



Тектеш кабарлар