Түрк университеттеринин жарманкеси

Бейрутта Түрк университеттеринин жарманкеси өтүп жатат.

933487
Түрк университеттеринин жарманкеси

Ливандын борбор шаары Бейрут беш жылдык убакыттан кийин уюштурулган «Түрк университеттери жарманкесине» кожоюндук кылууда.

Түркиядан 8 университет катышкан жарманкеде, билим алгысы келген бөлүмдөргө тапшырууну каалаган ливандык окуучулар чоң кызуу көрсөтүштү.

Жарманкеде орун алган Ливандагы Юнус Эмре институтунун координатору Али Итани, түрк университеттериндеги бөлүмдөр боюнча маалымат алуу үчүн 100дөн ашуун окуучунун аларга кайрылгандарын айтты.

Итани: «Окуучулардын көпчүлүгү, инженердик бөлүмүнө кызыгып жатышат. Экинчи орунда болсо тиш дарыгерлиги турат»,-деди.

Жарманкенин беш жылдык убакыттан кийин кайрадан уюштурулганын эске салган Итани: «Жарманкенин бир канча жумадан кийин Алжирде андан соң 14 араб жана Булуң өлкөсүндө өткөрүүнү пландап жатабыз»,-деп айтты.

Итани Түркияда жогорку окуу жайдын баасынын, тандаган бөлүм жана университетке жараша жылына эки миң доллардан сегиз миң долларга чейин өзгөргөнүн кошумчалады.



Тектеш кабарлар