Чанаккале согуштары үчүн ыктыярдуулардын жөө жүрүшү

Текирдагдан жөө жүрүшүн баштаган ыктыярдууларды «Ататүрк» аянтында Гелиболунун мэринин орун басары Мустафа Чобан жана атуулдар тосуп алышты.

932211
Чанаккале согуштары үчүн ыктыярдуулардын жөө жүрүшү

Чанаккале согуштарында көрсөткөн баатырдыктары менен дастанга айланган 57-Полк үчүн Чанаккалеге карай жүрүш уюштурган 57 ыктыярдуу Гелиболуга жетти.

Текирдагдан жөө жүрүшүн баштаган ыктыярдууларды «Ататүрк» аянтында Гелиболунун мэринин орун басары Мустафа Чобан жана атуулдар тосуп алышты.

Чобан, бул жерде 57-Полктун жүрүш боюнча комитет төрагасы Хикмет Селим Йылдызга гүл жана жаралуу аскер айкелин белек кылды.

Хикмет Селим Йылдыз, бүгүн 57-Полк шейиттер эстелигине бара тургандарын билдирип, «Саат 8:30да 2-Армиянын командирлигинин азем өтүүчү аянтындабыз. Баштаткан бул жүрүштүн 5-күнүндө Гелиболуга келдик, абдан кубанычтабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар