Элдердин достугу фестивалы башталды

Фестивалга быйыл 86 өлкө катышууда.

904392
Элдердин достугу фестивалы башталды

Судандын борбор шаары Хартумда Элдердин достугу фестивалынын төртүнчүсү башталды.

Эл аралык Элдер достугу кеңеши тарабынан «Дүйнө элдери Суданга чогулууда» деген тема менен уюштурулган фестивалга быйыл 86 өлкө катышууда.

Фестивалдын пресс комитетинин жетекчиси Эль-Муиз Юсуф, фестивалдын алкагында катышуучу өлкөлөрдүн маданияттарын тааныткан программалардын өткөрүлө турганын жана өздөрүнүн да бул өлкөлөргө Судан элинин маданий мурасын таанууга аракет кылгандарын айтты.

Юсуф фестивалда айрыкча катышуучу өлкөлөргө таандык 11 миң  желек менен бирге Нил көчөсүндө жөө жүрүш өтө турганын белгиледи.

Түркиянын Юнус Эмре институту жана Маариф фонду мектеби аркылуу катышкан фестивалда айрым түрк даамдары, китеп жана сүрөттөр көрсөтүлгөн стенд ачылды.

Фестиваль ишемби күнүнө чейин уланат.

Дүйнө элдеринин ортосундагы маданий карым-катнаштардын бекемделиши максатында түзүлгөн кеңеш тарабынан уюштурулган фестивалга өткөн жылы 70 өлкө катышкан болчу.



Тектеш кабарлар