ТРТнын Эл аралык Медиа боюнча билим берүү программасы уланууда

ТРТнын Түркиянын берүү тажрыйбасын дүйнө жүзү менен бөлүшүү максатында Антальяда уюштурган «5- UMEP» иш-чарасы 70 өлкөдөн 162 медиа кызматкеринин катышуусу менен уланууда.

862724
ТРТнын Эл аралык Медиа боюнча билим берүү программасы уланууда

Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) тарабынан быйыл 5-уюштурулган «Эл аралык Медиа боюнча билим берүү программасынын» (UMEP) экинчи күнкү отурумдары башталды.

ТРТнын Түркиянын берүү тажрыйбасын дүйнө жүзү менен бөлүшүү максатында Антальяда уюштурган «5- UMEP» иш-чарасы 70 өлкөдөн 162 медиа кызматкеринин катышуусу менен уланууда.

 Экинчи күн отурумдары башталган программада телекөрсөтүү жана радио берүүлөрү, кабар программалары жана жаңы медиа тармагында билим берүүлөр, диспуттар, кеңешүүлөр менен катар даректүү тасмалар көрсөтүлүүдө.

Түрк тилдүү мамлекеттер, Азия, Европа, Африка, Латын Америкасы өлкөлөрү жана Кавказиядан келген мамлекеттик жана жеке менчик медиа өкүлдөрү орун алган «5- UMEP» иш-чарасы Тышкы иштер министрлиги, Маданият жана туризм министрлиги, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы, Анадолу агенттиги менен Басма сөз, берүү жана маалымат башкы директорлугунун салымдары менен ишке ашууда.

Программада кризис эфирлери, post truth жана берүү, быйтыкча маданияты, кабылдоо (түшүнүк) башкаруусу, Медиа жана Исламофобия менен көңүл ачыынын келечеги сыяткуу актуалдуу темаларды талкуулоо да каралды.

ТРтнын Жаңы Медиа канал координаторлугунан веб дизайнер Өзгүр Алижан, «Санариптик медиада эстетикалык баяндоо» аттуу бяндамасын жасады.

Ишин алып барган медиа тармагында марка жайгаштырылышынын пайдалуу боло турганын айткан Алижан: «Эл массасына мазмунду жеткириш керек. Кантип жайгаштырганыбызды белгилешибиз керек. Сүйлөм белгилөө пайдалуу болот»,-деди.

Бир топ интернет барагында «кирүү тузагы» бар экенин баса белгилеген Алижан, өзгөчө галерея түзүлүшүнө кабар барактары жасалып, рекалама үлүшүнөн дагы чоң үлүш алынууга ааркет кылынганын айтты.

ТРТ Радиолор Департаменинин башчысы Ахмет Акчакая да «Санариптик доордо радио» темалуу баяндамасын жасады.



Тектеш кабарлар