Шанлыурфада туризм жанданат

Шанлыурфадагы үңкүрлөр жана таш көрүстөндөр ачык асман алдындагы музейге айландырылууда

Шанлыурфада туризм жанданат

Түркиянын маанилүү туризм борборлорунан Шанлыурфа, жер үстүндөгү кооздуктарына 133 үңкүрдү да кошуп туризмде алдыңкы планга чыгууга даярданууда.

Түптүү тарыхы жана кооз жаратылышы менен жергиликтүү жана чет элдик туристтер көп тандаган шаарлардын башында турган Шанлыурфа, тарыхый жана мистикалык түзүлүшү менен бирге жер астындагы байлыктары менен да көңүлдөрдү бурууну каалап жатат.

Шаарда бир долбоордун казуулары убагында табылган, Рим дооруна таандык сарайдын полуна жайгаштырылган «Согушкер Амазон ханышалары» мозаикаларынын жакындарында орун алган үйлөрдүн бузулушу менен жарыкка чыгарылган үңкүрлөрдүн да туризмге ачылуусуна саналуу күндөр калды.

Рим, византия, король Абгар мезгилдеринен калгандыгы божомолдонгон таш көрүстөндөр жайгашкан аймак да зыяратка ачылмакчы.

Шанлыурфа губернаторлугу менен шаар башчылыгынын кызматташтыгында ортого чыгарылган тарыхка күбө болгон 133 үңкүрдө реставрация иштери ылдам уланып жатат.

 



Тектеш кабарлар