Румыниядагы роботик сынагында түрк окуучулар биринчиликти алышты

Бухарестте 10-жолу уюштурулган RoboChallenge робототехника сынагында түрк окуучулары биринчиликти багындырды.

Румыниядагы роботик сынагында түрк окуучулар биринчиликти алышты

Румыниянын борбор шаары Бухарестте 10-жолу уюштурулган RoboChallenge робототехника сынагында түрк окуучулары биринчиликти багындырды.

7 өлкөдөн 116 команданын 482 конкурстанты катышкан Европанын эң ири робот сынактарынан бири болгон RoboChallenge робототехника сынагында Карталдагы Анадолу диний лицейинин окуучулары Муса Садык Үнал жана Абдуррахман Эмирхан Үнал « TeleTouch» аттуу долбоору менен «Freestyle Showcase» номинациясында биринчиликти алышты.

13 башка номинация орун алган сынакта Мексика, Улуу Британия, Франция, Польша, Колумбия, Конго, Перу, Эквадор, Румыния жана Түркиядан катышкан конкурсанттар, 3-5-ноябрь күндөрүндө Бухарест Политехникалык университетинде жарышты.

Социалдык жоопкерчилик, үнөмчүлдүк жана атайын долбоор шарттары болгон «Freestyle Showcase» номинациясында Карталдагы Анадолу диний лицейинин окуучулары, программасын жана механикалык долбоорлорун толугу менен өздөрү жасаган «TeleTouch» аттуу «Үч өлчөмдүү кол кыймылдары менен онлайн система аркылуу роботехника кол контролу» долбоору биринчиликти алды.



Тектеш кабарлар