Фотосүрөт сынагы

Азербайжанда «Ааламды изилдейли» аттуу фотосүрөт сынагы өттү

841537
Фотосүрөт сынагы

Азербайжанда өткөрүлгөн «Ааламды изилдейли» аттуу фотосүрөт сынагынын биринчилик сыйлыгын Анадолу агенттигинин фотокабарчыларынан Али Ихсан Өзтүрк жеңип алды.

Азербайжандын Улуттук илимдер академиясы жана Фотосүрөтчүлөр биримдиги биргелеше уюштурган сынакта Азербайжан менен катар Орусия, Түркия, Иран жана казакстандык фотосүрөтчүлөрдүн 100дөн ашуун фотосүрөтү орун алды.

Анадолу агенттигинин фотокабарчысы Али Өзтүрк «Айга карай» аттуу фотосүрөтү менен сынакты жеңип алды.

Байгелүү орунга илинген фотосүрөттөр, AMİA китепканасында көргөзмөгө коюлду.



Тектеш кабарлар