Германияда Куран сынагы

Сынакка Европанын 14 өлкөсүнөн 723 окуучу жана 100 хафыз катышты

Германияда Куран сынагы

Европанын ар кайсы шаарларынан катышуучулар катышкан Куранды мыкты окуу сынагы Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрүлдү.

Берлин Ислам федерациясы тарабынан уюштурулган сынак эки күнгө созулду.

Быйыл экинчиси өткөрүлгөн сынакка Европанын 14 өлкөсүнөн 723 окуучу жана 100 хафыз катышты.

Көп сандаган киши көргөн сынактын Куранды толук окуу бөлүмүндө Берлинден Усама Абдулазиз биринчи, Бонндон Мохаммед Фодаил экинчи, Норвегиядан да Омар Мухтар үчүнчү болду. Сынакта байгелүү орундарга илингендерге белектер берилди.


Этикеткалар: мыкты окуу , Куранды

Тектеш кабарлар