Кыргыз өнөрпоздору Анкаранын борбор шаар болушунун 94 жылдыгына катышты

Анкаранын, Түркия Республикасынын борбор шаары болуп негизделишинин 94 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Кыргыз өнөрпоздору Анкаранын борбор шаар болушунун 94 жылдыгына катышты
Кыргыз өнөрпоздору Анкаранын борбор шаар болушунун 94 жылдык мааракесине катышты
Кыргыз өнөрпоздору Анкаранын борбор шаар болушунун 94 жылдык мааракесине катышты

Түрк дүйнөсүнүн искусство чеберлери менен катар кыргыз өнөрпоздору да Анкаранын борбор шаар болушунун 94 жылдык мааракесине катышты.

Анкаранын, Түркия Республикасынын борбор шаары болуп негизделишинин 94 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Бул датага байланыштуу, 5-октябрдан 13-октябрга чейин, «Эл аралык Анкара жумалыгы» өтүп, Йенимахале муниципалитети менен Анкара клубу коому, концерттик проргамма уюштурду. Ага түрк дүйнөсүнү менен катар кыргызстандык өнөр адамдары да келип катышып, Анкаралыктарды шаар күнү менен куттуктап, өз өнөрлөрүн тартуулап кетишти.
«Назым Хикмет» атындагы конгресс жана көркөм өнөр борборунда болгон иш-чарага Йенимахалле муниципалитетинин башчысы Фетхи Яшар, Анкара клубу коомунун төрагасы др. Метин Өзарслан жана муниципалитеттик кеңештин мүчөлөрү катышты.

Йенимахалле муниципалитетинин башчысы Фетхи Яшар, Анкаранын түшүнүгүнө жана маанисине токтолуп: «Өлкөлөрдүн тарыхтарында борбор шаарлар ал өлкөлөрдүн өздүгүн жана тарыхын чагылдырышынын себебинен абдан маанилүү. Анкара боштондук согушунун борбрдук фронту жана жаңы курулган Түркия Республикасынын пайдубалы түптөлгөн, улуттун эрки өкүлдүк кылынган шаар. Анкара Мустафа Кемал Ататүрктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан жер»,-деди.

Метин Өзаслан да: «Анкарабыздын бардык баалуулуктарын дүйнөгө таанытышыбыз керек. Биз муну байкап, жыл сайын иш-чаларларды өткөрдүк. Бүгүн болсо Түрк дүйнөсүнүн бири-биринен баалуу өнөрпоздорун тосуп алдык. Сиздер да бизди жалгыз калтырбай, Анкарабызга шаң коштуңуз»,-деди.

Концерттик программа түрктөрдүн жигиттик жана марттыктын символу болгон синсин бийи менен башталды.

Андан кийин сахнага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Крым, Босния-Герцеговина, Македония, Керкүк, Өзбекстан, Алтай, Чыгыш Түркстан, Каракалпакстан жана Түркиядан өнөрпоздор чыгышып, өз өнөрлөрүн тартуулап жатышты.

Ыр-күүлөргө күбө болгон эл тынымсыз кол чаап жатышты.

Иш-чаранын акырында Йашар жана Өзасланга өнөрпоздор өз өлкөлөрүнөн ала келишкен белектерин тапшырышты.

Андан соң өнөрпоздор Анайурт аттуу түрк дүйнөсүнө таандык ырды баардыгы чогуу аткарышты.

Иш-чарага Түрк дүйнөсүнүн өнөрпоздорун жетектеп келген Мира Токтогонова жана ошондой эле Түрк дүйнөсүнөн келген өнөрпоздор өз ойлорун бөлүшө кетишти. (видео маек)



Тектеш кабарлар