Нобелдин быйылкы тынчтык сыйлыгын ICAN алды

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы тапшырылды

Нобелдин быйылкы тынчтык сыйлыгын ICAN алды

Нобелдин 2017-жылдагы Тынчтык сыйлыгынын ээси Эл аралык ядролук куралдарды жок кылуу кампаниясы (ICAN) болду.

Нобель комитетинин билдирүүсүндө, ядролук куралдарга ээ болгон өлкөлөргө карай кадамдардын ташталышы керектиги баса белгиленип, дүйнө жүзүндө 15 миң даана бар экени божомолдонгон ядролук куралдардын баскыч түрүндө жок кылынышы керектиги маалымдалды.

Билдирүүдө: «ICAN, ядролук куралсыз дүйнөнүн камсыздалышына карата аракеттерге жаңы багыт жана күч берди»,-деп айтылды.

2007-жылдын апрель айында Венада өткөрүлгөн Ядролук куралдардын жыйылуусуна бөгөт болууга байланыштуу келишимдин даярдык комитетинин жыйыны башталган күнү эл аралык деңгээлде түзүлгөн ICAN, 100 башка өлкөдөгү бейөкмөт уюмдарынын коалициясы жана эл аралык мыйзамдын негизинде ядролук куралдарга тыюу салынышын жактап келет.

ICAN түзүлгөн күндөн бери, ядролук куралдарга толугу менен тыюу салынышын көздөгөн келишимге кол коюлушун камсыздай турчу иштин аткарылуусу үчүн аракет кылууда.

Ушул күнгө чейин бүткүл дүйнөдөн 60тан ашуун өлкөдө 200дөн ашык уюм ICANды колдогонун билдирген.



Тектеш кабарлар