ТҮБИТАК Лондондо

ТҮБИТАКтын долбоорлору кызыгуу жаратты

ТҮБИТАК Лондондо

Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө мекемесинин (ТҮБИТАК) өкүлдөрү, «Максат Түркия» демилгесинин алкагында Англиянын борбор шаары Лондондо уюштурулган NatureJobs карьера жарманкесинде мекеменин долбоор, билим берүү жана карьера мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу максатында маалымат берүү бөлүмүн ачты.

Катышуучуларга Европа Биримдигинин ар түрдүү программаларынын алкагында Түркияда ишке ашырыла турчу долбоорлорго байланыштуу изилдөө фонддору, ТҮБИТАКтын Илим боюнча гуманитардык колдоо департаменти тарабынан сунушталган атайын улуттук стипендиялар менен катар, Англия менен Түркиянын ортосундагы стипендиялар туурасында кеңири маалымат берилди.

Иш-чарага катышкан көп сандаган академик, студент жана жаш демилгечилер ТҮБИТАКтын долбоорлоруна чоң кызыгуу көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар