Шеби-Арус аземдери башталды

Мевлана Желаледдин Руминин 743-Вуслат (Жаратканга жолугуу) жылдыгына карата иш-чаралар мурдагы күнү кечте Конияда башталды.

626604
Шеби-Арус аземдери башталды

Дүйнө жүзүнө таанымал түрк ойчулу, акын жана мистик Мевлана Желаледдин Руминин 743-Вуслат (Жаратканга жолугуу) жылдыгына карата иш-чаралар мурдагы күнү кечте Конияда башталды.

«Сема Айин-и Шериф» программасына катышкан жарандар бул руханий атмосферага ортоктош болуп толкунданышты.

Шеби-Арус аземдери күндүз «шамды ойготуу», «сүйүү жана биримдик жүрүшү» менен башталды.

Кечинде болсо атуулдардын чогулган жери Сема Айин-и Шерифти көрүш үчүн «Мевлана» маданият борбору болду.

Кечеге катышкан вице-премьер Нуман Куртулмуш, бирдиктүү болуунун маанисине көңүл бурду.

Куртулмуш буларды айтты: «Биримдиктин убагы урааны, биримдиктин убагы түшүнүгү абдан маанилүү жана бул жылдагы аземдерге жол көрсөтө турган сөз. Буюрса бул биримдиктин убагы сөзүнүн өлкөбүз үчүн жана тилекке каршы баш аламан болгон аймагыбыз үчүн жаңыдан эскертүүчү мааниде бардыгыбызды жаңыдан ойготушун каалаймын».

Бул кечеде ыр чебери Ахмет Өзхан Түрк мистикалык музыка концертин койду. Изилдөөчү Өмер Тугрул Инанчер да Месневи маектешүүсүн тартуулады. Эң акырында сахнага семазендер чыкты...Кудум эле сүйүүгө канаттарын ачышты...Алар айланган сайын руханий каалоо туу чокуга чыкты. Кечеге катышкандар бул сыйкырдуу абада дем тартуунун толкундануусуна күбө болушту.



Тектеш кабарлар