Профессор Халил Иналжык дүйнөдөн кайтты

Тарыхчы  - жазуучу профессор Халил Иналжык 100 жашында каза тапты

537738
Профессор Халил Иналжык дүйнөдөн кайтты

Тарыхчы  - жазуучу профессор Халил Иналжык борбор шаар Анкарада дарыланып жаткан ооруканада 100 жашында каза тапты. Башкент университетинен берилген маалыматта университеттин тарых бөлүмүнүн куруучусу Осмон мезгилинин тарыхчысы профессор доктор Иналжыктын кечээ кечинде каза болгону белгиленди. Маалыматта : «Улутубузга, Билкент жамаатына жана үй – бүлөсүнө көңүл айтабыз»,- деп айтылды. Профессор Халил Иналжык үчүн Билкент жана Анкара университетинде 27 -  июль шаршемби күнү жаназа зыйнаты өткөрүлөт. Иналжыктын жаназасы 28 -  июль бейшемби күнү Стамбулдагы үй – бүлө мазарына көмүлөт. Тарыхчы Халил Иналжык үчүн саясатчылардан да көйүл айтуулар келди.

Президент Эрдоган : «Өмүрүн түрк жана дүйнө тарыхын иликтөөгө арнаган, тарапсыз жазган чыгармалары менен дүйнөнүн саналуу тарыхчыларынын арасында орун алган Иналжык китептери, иликтөөлөрү менен бизге теңдеши жок мурас калтырды»,- деди.

Түркия Парламентинин спикери Исмаил Кахраман да көңүл айтып, Иналжыктын жакындарына сабыр тиледи.

Премьер – министр Бинали Йылдырым да : «Билим дүйнөсү абдан чоң жоготууга учурады. Белгилүү тарыхчы Халил Иналжыктын үй – бүлөсүнө, билим дүйнөсүнө жана бардык сүйгөндөрүнө көңүл айтамын»,- деди. Вице – премьер Нуман Куртулмуш да твиттер эсебинен берген маалыматында : «Халил Иналжык миңдеген окуучуну жетиштирген улуу чынар жана дүйнөлүк масштабда урмат – сыйга ээ болгон илимпоз»,- деди.

1916 – жылы 26 -  майда Стамбулда төрөлгөн Халил Иналжык негизинен Крым татарларынан болгон. 1936 -  жылы Анкара университетинин тил , тарых жана география факультетинин  Жаңы доордун тарыхы бөлүмүндө жогорку билим алган. 1942 -  жылы "Реформа жана болгарь маселеси» аттуу доктора диссертациясын жактаган. Көптөгөн жылдар аты аталган факультетте осмондук жана Европа тарыхы тууралуу сабак бергенден кийин 1972 -  жылы Чикаго университетинин тарых бөлүмүнө «Осмондук тарыхы боюнча университет профессору» катары чакырылды. 1993 -  жылы Түркияга кайткан Халил Иналжык Билкент университетинде иштеп жүргөн кезинде кээ кээде магистр жана доктора программасында окуган студенттерге семинарларды берди.

Иналжык осмондук түркчөсүн, англисче, французча, немисче абдан жакшы билген жана арапча менен фарсча, италиянчаны орточо деңгээлде билген. Иналжык Кембридж эл аралык биография  борбору тарабынан дүйнөдө социалдык илимдер тармагында саналуу 2000 илимпоздун арасында көрсөткөн.



Тектеш кабарлар