“Таза коом” долбоорунун сайты ишке кирди

Сайтта маалыматтар "Таза коом" кимге арналганы, долбоордун максаты жазылат

“Таза коом” долбоорунун сайты ишке кирди

“Таза коом” долбоорунун алгачкы натыйжалары октябрь айында байкала баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди. 

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Эл өкүлдөрү тарабынан 3-окууда колдоо тапкандан кийин долбоорду ишке ашыруу аракети башталат. “Таза коом” боюнча эки борбор Чүй, Нарын облустарында түзүлүшү мүмкүн. Борборлордун ар бирине тогуз жарым миллион доллардан кем эмес каражат жумшалат. “Таза коом” долбоору - өлкөнүн 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясында негизги орунду ээлейт.

“Долбоор бизнестин өнүгүүсүнө тоскоолдук жараткан көйгөйлөрдү жоёт. Коомчулуктун “Таза коомго” карата көз-карашы калыптана баштады. Учурда талдоо багытында иш уланып жатат. Өткөн аптада долбоордун түзүмү бекитилди”,- дейт Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев. 

Ошондой эле, “Таза коом” долбоорунун сайты да ишке кирди. Ал 30-майда өтө турган эл аралык конференцияга арналган. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Мирлан Өмүралиевдин айтуусунда, конференцияда “Таза коом” долбоорунун бет ачары болот. Ага эл аралык эксперттер катышып, талкуулар, презентациялар өтүп, долбоорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбаларын бөлүшүшөт. 

“Сайтта маалыматтар "Таза коом" кимге арналганы, долбоордун максаты жазылат. Сайтка үч тилде, кыргыз, орус жана англис тилинде катталса болот. Конференцияны көрөм дегендер, ким сүйлөгүсү келсе, материалын ушул жерге жүктөп, жазылса болот. Программаларды ар бир жаран көрсө болот. Катыша албай калгандар онлайн көрсө болот”,- деди Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Мирлан Өмүралиев. 

КТРК



Тектеш кабарлар