Күн тартибине сереп салуу - 47

ТҮРК АГЫМ долбоору

1094811
Күн тартибине сереп салуу  - 47

Өткөн күндөрдө Орусиянын президенти В. Путин жана президент Р. Т. Эрдогандын катышуусу менен Түрк Агым жаратылыш газ түтүк жолунун деңизден өткөн бөлүгү бүткөрүлдү. Стамбулда өткөрүлгөн аземде лидерлер сүйлөгөн сөздөрүндө эки өлкөнүн ортосунда өнүккөн кызматташтыкка басым жасашты. Түрк Агым долбоору Түркиянын энергетика борбору болуу пландарынын негизинде маанилүү бир кадам катары көрүнүүдө. Акыйкаттан да Азербайжан газын Түркияга жана кийинчерээк Европага алып өтүшү пландалган ТАНАП, Ирак нефтисин дүйнөгө ташыган Жейхан түтүк жолу менен бирге Түркия энергетика саясаттарынын негизинде таштаган кадамдар менен абалын барган сайын күчтөндүрүп жана өз энергетика муктаждыгын түрдөнтүүдө.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

2014 -  жылдын декабрь айында Орусиянын президенти В. Путин тарабынан сунуш кылынган Түрк Агым долбоорунун 930 километри Кара деңизден өтүп, Стамбулдун  батышындагы Кыйыкөгө барат. Президент Р. Т. Эрдоган атын койгон Түрк Агымынын жалпы узундугу 1100 километрге жетет. Түрк Агым бири бирине параллель болгон эки башка жолдон турат. Биринчи жолдун жылда 15, 75 миллиард метр куб жаратылыш газ көлөмү менен Түркиянын энергетика муктаждыгын камсыз кылышы күтүлүүдө. Экинчи жол болсо кийинки баскычта Европага карай созулушу пландалууда. Ушундайча жалпы 31, 5 миллиард метр куб жаратылыш газдын Түрк Агым аркылуу өткөрүлүшү пландалууда.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков да кээ бир өлкөлөрдүн Түрк Агымга кошулууну ойлошкондорун белгилеп жаратылыш газ түтүк жолунун 5  башка Европа өлкөсүнө барарын айтты. Мисалы Сербиянын энергетика министри Антич берген маалыматтарында Түрк Агымынын Сербияга чейин барышы менен Европанын энергетика коопсуздугун түзөрүн белгилеген. Антич «10 – 15 миллиард метр куб орус газынын Түркия аркылуу Болгарияга, Сербияга, Венгрия жана Австрияга чейин созулуу ыктымалы, энергетика коопсуздугунун түзүлүшү жактан олуттуу бир мүмкүнчүлүк. Долбоор газ соодасынын жана газга таянган экономиканын өнүктүрүлүшү үчүн мүмкүнчүлүк түзүүдө. Бул өлкөлөр Түрк Агым менен биригип газ транзитинен маанилүү бир киреше да табат»,- деди. Бир тараптан Түрк Агым долбоорунун Түркиядан кийин кайсы багыт аркылуу Европага өткөрүлөрү белгисиз. Өзгөчө Греция жана Болгариянын ортосунда бир конкуренция сөз боло алат. Грециянын премьер  - министри Алексис Ципраз Түрк Агымынын Греция аркылуу өтүшүн каалагандыгын белгилеп : «Түрк Агымдын Грециядан өтүшү үчүн Брюсселде активдүү иш алып баруудабыз»,- деди.

Түрк Агым Түркияны энергетиканын борбору болуу жолунда алдыга чыгарып, бир тараптан да Орусиянын түздөн түз Балкан өлкөлөрүнө жаратылыш газ экспорттоосуна мүмкүнчүлүк түзүүдө. Өткөн мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштар бир топ тармакта өнүктү. Прзидент Р. Т. Эрдоган өскөн экономикалык кызматташтыкка көңүлдөрдү буруп, эки өлкө катары 100 миллиард долларлык соода көлөмүнө жетүүнү максат кылгандыгын белгиледи. Ошол эле учурда орус басма сөзү да Путин менен Эрдогандын ортосундагы сүйлөшүүгө көңүлдөрдү буруп, эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын күчтөнгөндүгүн баса белгиледи.

Түркия жана Орусиянын ортосундагы карым  - катнаштар өзгөчө энергетика саясатынын негизинде күчтөнүп жаткан болсо да эки тараптуу карым – катнаштарда маанилүү маселелер да бар. Орусиянын Крымды аннекция кылышы, Украинада болуп жаткан согуш, Орусиянын Крым татарларына карата санкциялар менен Сириядагы түрдүү позициялары эки тараптуу карым  - катнаштарда чечилиши керек болгон маселелер катары алдыга чыгууда. Өзгөчө Сирияда эки өлкө канчалык Астана процесси жана Сочи макулдашуусу менен бирге координациялуу кыймыл кылууга аракет кылса да кээ бир негизги айырмачылыктар көйгөй жаратышы мүмкүн.



Тектеш кабарлар