Китептер баяны-4/16

Исмаил Хаккы Узунчаршылынын “Осмон кансарайы” аттуу китеби.

465346
Китептер баяны-4/16

Урматтуу китеп күйөрмандары, бүгүнкү уктуруубуз үчүн китеп коллекциябыздан «Осмон кансарайы» деген китепти тандап алдык. Бул китеп белгилүү түрк тарыхчысы Исмаил Хаккы Узунчаршылынын калеминен жаралган. Китеп 1945-жылы «Түрк Тарых Комитети» басмаканасында басылып чыккан. Китеп 585 беттен турат.

«Осмон кансарайы» китеби беш бөлүмдөн турат. Китептин биринчи бөлүмүнүн темасы - «Осмон падышаларынын кансарайы», экинчи бөлүмүнүн темасы - «Башкаруунун алааматы катары көрүлгөн кээ бир каада-салттар», үчүнчү бөлүмүнүн темасы - «Кансарайдын эндерун бөлүгү жана кызмат ээлери»; төртүнчү бөлүмүнүн темасы - «Кансарайдын сыртындагы кызматкерлер жана алардын милдеттери». Китептин акыркы бөлүмү болсо Осмон кансарайын коргогон аскерлер менен саяпкерлерге арналган. Китептин ар бир бөлүмү майда бөлүктөрдөн турат. Ар бир бөлүктө тиешелүү тема боюнча кенен маалымат берилген.

Кадырлуу китепкөйлөр, Исмаил Хаккы Узунчаршылынын «Осмон кансарайы» деген китебинде падышалардын энелери жана кыздары тууралуу кызыктуу маалыматтар бар. Оболу падышалардын энелери боюнча китепте берилген маалыматтарды сиздер менен бөлүшөлү:

Падышалардын энелерине «мехди-улйа» же «валиде султан» деген титул берилген. «Мехди-улйа» эски титул болгон жана чыгыштагы кээ бир мамлекеттерде да колдонулган. «Валиде султан», башкача айтканда « султан эне» титулу болсо алгачкы жолу Мурат III тарабынан энесине берилген жана ошондон кийин бардык падышалардын энелери үчүн колдонула баштаган деген маалыматтар бар.

Осмон падышасы каза болгондо анын энеси, жубайлары менен кыздары «Топкапы» кансарайынан эски кансарайга жиберилген жана «Топкапыга» жаӊы падышанын энеси жайгашкан. Валиде султандын эски кансарайдан Топкапыга келиши «Валиде алайы», башкача айтканда «энени коштоочулар» деген салтанат менен коштолгон.

Султан эне жаңы кансарайга келгендин эртеси күнү башкы увазирге «хүкүмнаме» деген билдирүү баракчасы менен канжар жана ичик жиберип кансарайга жайгашкандыгын расмий түрдө билдирген.

Султан энелер кансарайды бийлеп турушкан. Алар олжого келген кыздарды кызматчы аялдардын жардамы менен башкарышкан.

Султан энелердин айрымдары мамлекеттик иштерге ашыкча кийлигишип, көптөгөн мыйзамсыз иштерге себеп болушкан. Мурат IIIнүн энеси Нурбану султан, Мехмед IIIнүн энеси Сафийе султан менен Мурат IV, Ибрахим IV жана Мехмед IV доорунда кансарайдагы бийликти колунда кармап турган Көсем султан мыйзамсыз иштерге себеп болгон энелердин алдыңкы сабында турушат.

Энелерине аябай сый-урмат көрсөткөн үч падыша болгон. Булардын биринчиси Мурат III эле. Ал энеси каза болгондо катуу кайгырып аза күткөн. Увазирлер менен айрым уламалар Нурбану султандын кыркына чейин анын күмбөзүн эртеӊ менен жана кечинде зыярат кылып турушкан. Мехмед III да атасы сыяктуу өз энесине чоң урмат-сый көрсөткөн. Мехмед III Эгри жоортуулуна чыгып келгенге чейин мамлекеттик иштерди анын энеси Сафийе султан көзөмөлдөп турган. Ал тургай Мехмед III сапарга чыгаардан мурун Эдирне казысы Эсад эфендини Стамбулдун казысы кылып дайындаганына карабастан Сафийе султан бул буйрукту тааныбай койгон жана Стамбул казысы Абдүлхалим эфендини өз ордунда калтырган. Падыша энесинин бул чечимин күчүндө калтырган. Сафийе султан венециялык болгон. Сафийе жана Нурбану султандардын жардамы аркылуу Венеция элчилери көптөгөн жеӊилдиктерге жана ийгиликке ээ болушканы белгилүү.

Осмон дөөлөтүндө падышалардын энелерине «пашмаклык» аттуу жер тилкелери берилген. Мындан сырткары кийинчерээк султан энелерге казынадан айлык да бөлүнүп бериле баштаган.

Султан энелер уулдарына «арстаным» деп кайрылышкан. Бул термин Осмон дөөлөтүнүн акыркы мезгилдерине чейин колдонулган. Султан энелер бул терминди кээде кыздарына карата да колдонушкан.

Урматтуу китеп күйөрмандары, эми кезек китептеги падышалардын кыздары тууралуу маалыматтарды берүүгө келди:

Падышанын баласы төрөлгөндө кансарайдын аскер башчысына кабар берилчү, ал бул кабарды эндерундагыларга жарыя кылчу. Кыз төрөлсө кансарайдагы ар бир бөлүмдө үчтөн, эркек төрөлсө бештен курбан кесилип, кансарайдын ашканасына жиберилчү. Падыша кыздуу болсо замбиректен күндө беш маал үч жолу, уулду болсо жети жолу ок атылчу.

Падыша уулду же кыздуу болгондо бул кабар расмий түрдө өкмөт үйүнө билдирилчү. Эртеси күнү башкы увазир, башкы муфтий, коргоо министри сыяктуу жогорку бийликтеги кишилер кансарайга куттук айтып келишчү. Падыша келгендерге чапан жана ичик тартуу кылчу.

Падышанын жаӊы төрөлгөн баласына күмүш жалатылган кооз бешик жасатылып, бул бешик ырым-жырымы менен салтанаттуу түрдө кансарайга жеткирилген.

Осмон падышаларынын кыздарына «султан» деген титул берилген. Булар бойго жеткенде ылайыктуу кишилерге турмушка чыгышкан. Осмон дөөлөтүнүн алгачкы падышалары кыздарын жана карындаштарын Анадолудагы бектерге же алардын балдарына, же болбосо өзүнүн кармагындагы бектерге турмушка беришкен. 16-кылымдын баштарынан тартып султандар Осмон увазирлери же бектерине гана турмушка бериле баштаган. Падыша Мурат III каза болгондо анын эки кызы гана күйөөгө чыгып, 26 кызы бойдок эле. Булардын айрымдары аттуу полктун жоокерлери менен турмуш курууга аргасыз болушкан.

Султандардын үйлөнүү үлпөтү атасынын тирүү болуп-болбогонуна карап өзгөргөн. Аталары тирүү болгон султандардын үйлөнүү тою жогорку деңгээлде өткөрүлчү. Күйөө бала мындай той үчүн аябай көп чыгым сарптачу. Айрым султандардын тойлору он беш, жыйырма күнгө чейин созулган. Мисалы, Мехмед IIIнүн кызы Хатиже султан менен Мустафа пашанын тою жыйырма күн бою өткөн.

Падышанын каалоосу менен султанга үйлөнгөн паша эгер үй-бүлөөлүү болсо мурдагы аялы менен ажырашканга мажбур болгон. Осмон мамлекетинин увазири Сокуллу Мехмед пашанын жесири Эсмихан султан Будин беги Али пашага турмушка чыкканда Али паша мурдагы аялы менен балдарын таштап кеткен.

Султан менен үйлөнө турган киши Стамбулдун сыртында кызмат өтөп жаткан болсо той үчүн Стамбулга чакырылчу. Ал үйүн даярдап, тойун өткөргөндөн кийин жубайы болгон султанды Стамбулдагы үйүнө таштап кызмат кылган жерине кайтып кетчү.

Султандардын да «пашмаклык» аттуу жер тилкелери болгон. Султандардын кыздарына «ханым султан» титулу берилген. Ханым султандар казынадан айлык алышкан.

Кадырлуу китепкөйлөр, Исмаил Хаккы Узунчаршылынын «Осмон кансарайы» деген китеби баалуу эмгек болуп саналат. Осмон тарыхына кызыккандарга бул китепти окуп чыгууну сунуш кылабыз.

Программаны даярдаган Гүлдана Мурзакулова жана Абдырасул Исаков.



Тектеш кабарлар