Ислам тарбиясы-16

Мусулман үчүн напси менен күрөшүүнүн мааниси

483929
Ислам тарбиясы-16

 

Напси- рух жана жашоо дегенди түшүндүргөнү сыяктуу арзуу жана каалоо, б.а дененин жаман жана керексиз каалоолору дегенди туюнтат. Ислам салтында напси көбүнчө адамдардын ички дүйнөсүндөгү жаман сезимдердин, мыйзамсыз каалоолордун булагы деген мааниде колдонулган. Ошондуктан ички суракка алуу болгон напси менен күрөшүү мусулман үчүн абдан маанилүү болуп саналат.

Куранга караганда напси шайтандын азгырыгына да ачык. «Акыйкатта Биз инсанды жараттык жана анын көңүлү азгырган нерселерди да билебиз». «Напси көрө албастыкка жана өзүн гана ойлоого ыңгайлашкан» деген аяттар менен напсинин багыттарын түшүндүрүүдө. Юсуф пайгамбар айткандай: «Адам напсиси жамандыкка алып барууга ыңгайлуу» аяты да напсинин жеңилдигин түшүндүрүүдө. Азирети Адамдын бир уулу өз бир тууганын өлтүрүп салышы жана Азирети Якуптун уулдары бир тууганы Юсуфту кудукка ыргытып кетишине байланыштуу Куранда айтылгандар, напсинин адамды кайда алып бараарын жана эч кимдин напсисинин жаман сезимдерден корголбогондугун көрсөтүүдө. Бирок Мухаммед Пайгамбар да сөз кылганы сыяктуу напси шектенүү жана жаман каалоолорду жасабаган учурда маселелүү болбойт.

Ислам түшүнүгүнө караганда адамга берилген жашоонун ар бир учуру жана берилген ырыскылардын баары акыретте эсеби суралат. Бул сыноо түшүнүгүнүн талабы боюнча адамдын өз ички дүйнөсүндө туруктуу суракка алуусуна напси эсептешүүсү деп айтылат. Ар бир мусулман жасагандарын тез-тез карап чыгып, өзүн сындай алышы керек. Мунун жыйынтыгына караганда, кайрымдуулук иштеринен улам Аллага шүгүр кылат, күнөөлөрүнө өкүнүп тобо кылат, өзүн түздөөгө аракет кылат. Ушундан улам бул суракка алуу мусулман үчүн абдан маанилүү аракет болуп саналат. Напси менен ойгонгон начар сезимдердин тизгинделишине жана мусулмандын жакшы, калыс жана адилеттүү адам болушуна шарт түзөт.

Алла Таала «Чындыгында кимде-ким напсисин тазаласа, ал ийгиликке жетет. Ал эми кимде-ким анын айыптарын жашырса, ал зыян тартат” деген. Жаман мүнөз же жүрүм-турумду таштап, жакшы мүнөзгө ээ болуу жана жакшы иштерди жасаганда напси тазаланат. Бул муктаждыкты көрүү жана аткаруу үчүн да напсини тез-тез суракка алып туруу керек. Азирети Өмер: «Ыймандуу адам оболу бирөөнү эмес, өзүн суракка тартып, теске салышы кажет. Анткени суракка алган адам үчүн кыямат күнү сурак жеңил болот»,- деген. Бул суракка тартуу Алла жолунда көрсөтүлө турган ар түрдүү аракеттин негизи болуп саналат.

Ислам түшүнүгүнө караганда напси адамдан бөлөк жандык эмес. Ошондуктан напсиге каршы күрөшүү адамдын өзү менен, ач көздүгү менен,  чексиз каалоолору менен сыноосу жана күрөшүүсү болуп саналат. Мухаммед пайгамбар: «Акылдуу адам өзүн-өзү суракка тартып, өлүмдөн кийинкиси үчүн кам көрөт. Алсыз адам напсиси каалаганды ээрчип, Алладан курулай үмүткөр болот” деп буйрук кылган.

Азирети пайгамбар напси шайтандан же периштеден алган илхам менен кыймыл кылганын маалымдаган. Шайтан, адамга дүйнөлүк жашоону кооз көрсөтөт. Жакшы өмүр сүрүүсү үчүн жагымдуу көрүнгөн сунуштарын айтат. Мухаммед пайгамбар бул илхамдардын жыйынтыгын эске салуу ниетинде: «Тозок, напси жактырган нерселер менен, бейиш болсо напси жактырбаган кыйынчылыктар менен курчалган»,- деп буйрук кыган. Напси эсептешүүсүндө эске алына турчу эң маанилүү критерий жана баалуулук өлчөмдөрүнүн бири ушул  эскертүү болуп саналат.

Мусулмандын ички дүйнөсүндөгү суракка тартуу, өзүн жана жоопкерчиликтерин эске алышына, акырет сапарындагы аралыкты көрүүсүнө жана абалына баа беришине өбөлгө түзөт. Напси, суракка тартылууну эч жактырбашы мүмкүн. Бирок өлүмдү эстөөнү, кээ бир ырахат алуулардан качууну, зор кызматтарга киришүүнү жана аракетти арттырууну талап кылат. Жагымдуу жашоо, мал-мүлк сыяктуу напсинин каалоолору болсо адамдын өз милдеттерин, акырет күнүн, Кудайды унутушуна алып барат. Адам болуунун талабын б.а өзүн өзү унуткарат. Алла Таала бул жагдай боюнча «Алланы унуткандардан болбогула. Алла алардын өздөрүн унуттуруп салган» деп буйрук кылып, бизди эскертүүдө.

Напсини суракка алуу, мусулмандын каалоолорун, мүдөөсүн жана жүрүм-турумун текшерүү үчүн мүмкүнчүлүк түзөт. Туура жана жаңылыштарын абийиринин чыпкасынан өтүүсүнө жардамчы болот. Кыскасы напсини суракка алуу маанилүү жол көрсөтүүчү болуп саналат.

 



Тектеш кабарлар