Ислам тарбиясы - 12

Ислам дын турмуш түшүгүнү, дүйнө акырет тең салмактуулугу жана сынак сыры

Ислам тарбиясы - 12

Ислам дини адамдын турмушун «жакын турмуш» деген мааниге келген жана убактылуу болгон дүйнө турмушу менен «кийинки турмуш» деген мааниге келген жана түбөлүк болгон акырет турмушу болуу менен экиге бөлгөн. Бирок экөөсүн бири биринен толугу менен көз карандысыз ойлогон эмес, араларында байланыш жана тең салмактуулукту түзгөн. Бир гана өлүмдөн мурдагы турмуштан сөз кылынбай тургандай эле, чындыктарга көз жумган, дүйнө турмушунан алыс жана дүйнөнүн акыреттин даярдык көрүү чындыгын унуткан турмуштан да сөз кылына албайт.

Кураан исламдын дүйнө жана акырет турмушуна көз карашын жана экөөсүнүн арасындагы карым – катнашты көптөгөн аятында билдирген. Бир аятта «Алланын сага берген бул байлык менен түбөлүк акырет жерин бейкут кылууга аракет кыл, бирок дүйнөдөн ала турган насибиңди унутпа! Алла сага бергендей, сен да адамдарга жакшылык кыл!»,- деп айтылган. Аят алдыңкылыктын акыретте бейкуттук үчүн иштеп жатканын билдирип, бир тараптан да дүйнөнү унутпоону, Алланын берген жыргалчылыктарынан башка кишилерге да берип, дүйнөнү жашоого боло турган абалга алып келүүнү сунуштайт.

Ислам түшүнүгү боюнча дүйнө турмушу абдан маанилүү. Себеби түбөлүк болгон акырет турмушуна жетише турган жер дүйнө. Дүйнө адамдын турмушуна караганда жашкы же жаман баага жетишүүдө. Адам акыретте бир гана бул дүйнөдө жашап жатканда кылган – эткендеринин үзүрүн көрөт. Адамдын бул дүйнөдө жасагандары эң кичинекей да болсо жакшылык же жамандыктын жообу акыретте алдына чыгат.

Эл арасында окуя деп айтылган «Дүйнө акыреттин талаасы» түрүндөгү акылдуу сөз бул чындыкты толук мааниси менен билдирүүдө. Ушуга караганда бейиш, адамдын уругун бул дүйнөдө сепкен бир бакчасы, тозок болсо учкунун бул дүйнөдөн алып барган от чыккан жер.

Исламдын дүйнө турмушуна болгон көз карашында алдыга чыккан башка бир жагдай да дүйнөнүн бир сынак жери болушу. Дүйнө Аллага кулдук кылуу үчүн жаратылган кишинин жаратылыш максатына канчалык кызмат кылганын, эркин кайсы багытта колдонгонун жана кимдин жакшы амалдарда экени ортого чыккан сынак майданы. Кураанда : «Ал, кайсы бириңиздердин дагы жакшы иш кыларыңыздарды сыноо үчүн өлүмдү жана турмушту жаратты. Ал, жогору жана кечиримдүү»,- деп айтып бул жагдай баса белгиленген. Адамдар бул дүйнөдө бардык абалды сынап; ыйман кылгандар көрсөткөн жогорку ахлак менен бейишке жакындаганы, тангандардын да тануусу жана жамандыктарынын айынан тозокко жакындаганы ортого чыгууда. Кураан жана хадистерге караганыбызда акыретке карата болбогон, бир гана дүйнө турмушу ырасталбаган, мусулмандын мындай түшүнүк менен жашоосунун айыпталганы көрүнөт. Ушундайча дүйнө турмушу, кишини Алланы эскерүүдөн, жаратылыш максатынан алыстаткан бир оюн жана көңүл ачуу, байлык жана бала – чака менен мактануу, алдамчы жана келип кеткен турмуш, адамдарды бардык баалуулуктардан алыстатууга жана сынактан өтпөй калышына чейин алып барган турмуш стили катары мүнөздөлүүдө. Аяттарда жамандалган жана айыпталган, байлык, бала – чака жана башка жеке дүйнө жыргалчылыгы эмес, кишинин бир гана буларга көңүл буруу менен дүйнө турмушун тандап, акыретти унутуусу. Азырети пайгамбар мындай турмуштун Алла катында бир чымындын канатынан дагы баасы төмөн экенинен кабар берген. Башка бир окуяда да Азырети Пайгамбар дүйнө жана акырет турмушун деңизге каршы бир тамчы суу мисалы менен салыштырган. Ошондуктан эки турмушка бирдей маани берип дүйнө жана акытер турмушунун ортосунда тең салмактуулук курала албайт. Тескерисинче тең салмактуулук дүйнөгө да акыретке да бирдей өлчөмдө баа берүү менен түзүлө алат.

Азырети Пайгамбар насип болгон ырыскынын адамдарга сөзсүз түрдө жеткирилерин кабар берип, арамдарды таштап, адал болгондордун алынуусун сунуш кылган. Башка бир хадисте да : «Дүйнөгө кызыкпоо, кишинин адал болгон нерселерди өзүнө арам кылуусу же байлыгын таркатып түгөтүү дегенге болбойт. Дүйнөгө кызыкпоо демек, колунда болгондорго, Алла катындагыларга дагы көп ишенгенимден»,- деп айтып дүйнө – акырет тең салмактуулугунун кандай түзүлөрү көрсөтүлгөн.

Мусулманга жарашкан дүйнөгө көз каранды болуп калбоо, тескерисинче түбөлүк болгон акытер турмушу үчүн иштөө жана дайыма даярдык көрүү.



Тектеш кабарлар