Ислам тарбиясы - 11

Ислам дининин китеби Кураан Керим

Ислам тарбиясы - 11

Улуу Алла жиберген китептеринде адам баласынын турмушун тарипке салган негиздерди билдирген. Бул негиздер адамдын дүйнө жана акырет бакытын түзүүгө карата жаратылган. Кураан Алланын ушул максатта адамзатка жиберген акыркы диний китеби жана Азырети Мухаммеддин мужизасы.

Ислам аалымдары Кураанды төмөнкүчө сүрөттөшкөн. Кураан Улуу Алла тарабынан вахий жолу менен Азырети Мухаммедге арапча түшүрүлгөн жана муундан муунга өткөрүлүп келген. Фатиха сүрөөсү менен башталып Нас сүрөөсү менен аяктаган. Кураан 6236 аят жана 114 сүрөөдөн жана Алланын сөздөрүнөн турган китептин аты.

Азырети Пайгамбар : «Ар бир пайгамбарга сөзсүз түрдө ыйман кылынган мужизалар берилген. Мага берилген мужиза да Алла буйрук кылган Кураан»,- деген. Мужиза болгон тарабы түшүрүлгөн күндөн баштап окугандарды тереңден таасирленткен.

Кураан араб адабияты абдан жогорулап турган кезде түшүрүлгөн. Улуу Алла ишенбегендерди : «Куррандын бир сүрөөсүнүн окшошун» алып келүүгө чакырган, бирок алар муну аткара алышкан эмес. Ушул күнгө чейин да эч ким окшошун жаза алган эмес. Бул абал Алланын мужиза болушунун жыйынтыгы. Улуу Алла бул темада акыркы сөздү бул аяты менен айткан : «Бардык адамдар жана диндер бул Кураандын окшошун ортого сала алышпайт».

Алланын сөзү жана китеби болгон Кураан ар түрдүү аяттарда өзүн төмөнкүчө аныктайт : ал сөздөрдүн эң коозу. Мусулмандар бекем бири бирине байлана турган Алланын жиби, абдан бекем бир кулпу. Шыпаа булагы. Азырети Пайгамбар булардын баарын тастыктагандай «Сөздөрдүн эң туурасы, Алланын сөзү, жол башчылыктын эң жакшысы Мухамеддин жол башчылыгы»,- деп айткан.

Азырети Мухаммед Кураанды 23 жылдык процессте өзүнө келгендей аяттар менен сүрөө түрүндө адамдарга билдирген, буйрук жазуучуларына жаздырган жана жатталуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн. Азырети пайхамбар мезгилинде түрдүү материалдар боюнча жазылган аяттар, биринчи халифе Азырети Эбу Бекир мезгилинде чогултулуп китепке айландырылган жана Азырети Осман мезгилинде көбөйтүлгөн. Азырети пайгамбардан күнүбүзгө чейин жазуу түрүндө жана жаттоо жолу менен мурас калган Кураан ыйык тексттердин ичинде Алладан келген формасы боюнча сакталган бир гана китеп. Бул тууралуу бир аятта : «Ал китепти биз түшүрдүк жана анын коргоочусу да албетте бизбиз!»,- деп айтылган.

Кураан оболу адамдардын Алланы билүүгө жана ага ишенүүгө чакырат. Ислам дининин ишенич, ыбадат, ахлак жана укук менен байланыштуу өкүмдөрдү бул китепте билдирген. Кураан Алланын бирөө экенин жана сыпаттарынан, акырет турмушунан, бейиш жана тозоктон кабар берет. Адамдын акылына кайрылган, өз жаратылышы жана дүйнөдөгү гармониялуулукту терең ойлоого чакырат. Адам акылын ашкан метафизикалык өлчөмдүн бар экенин эске салат. Бир аятта муну белгилөө менен «Бул аяттарды ойлошсун жана акыл ээлери сабак алсын деп сага түшүргөн касиеттүү китеп»,- деп айтылган.

Айрыкча насаат жана сабак болушу үчүн мурунку пайгамбарлар жана улуттардан сөз болот. Туураны жаңылыштан ажырата билүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн деген мааниге келген «Фуркан» деген аттын негизи катары туураларды жана жаңылыштыктарды окугандын алдына койот жана бекем жолду тандоосуна мүмкүнчүлүк түзөт. Эске салуу деген мааниге келген «Зикир» деген аттын негизи катары да адамга дүйнөсүн жана акыретин таанытат. Адамдын төрөлүшүнөн мурда жана өлүмүнөн кийинкисине байланыштуу билинбеген темаларды ачыктайт.

Пайгамбарыбыз Кураан окуган мусулманды жыты менен даамы жагымдуу болгон мөмөгө окшоткон. «Сиздердин эң кайрымдууңуздар Кураанды үйрөнгөн жана үйрөткөн»,- деп үммөтүн Кураанды үйрөнүүгө багыттаган. Эсинде Кураанды билбеген кишини «кулап калган үйгө» окшотуу менен эскерткен. Кураан мусулман үчүн турмуш жолун көрсөтүүчү.



Тектеш кабарлар