Ислам тарбиясы - 10

Тагдыр менен кырсыкка ыйман кылуунун мааниси, жеке киши жана коомдогу мааниси

Ислам тарбиясы - 10

Тагдыр, бир нерсени белгилүү өлчөмгө карата аткаруу демек. Диний термин катары Алланын эзелтеден түбөлүккө чейин боло турган нерселердин кайдан, кандайча жана качан болорун илими менен билип аны колдоосуна айтылат. Алланын илим жана эрк сыпаттары тууралуу түшүнүк болгон тагдыр, дүйнөнү, дүйнөдөгү бардык жандуу жана окуяларды белгилүү бир өлчөмгө карата иретке салган ыйык мыйзамды билдирет. Жандуулар мезгил, жер жана формасы менен өз тандоосу менен эмес, Алланын эрки жана колдоосу менен болот. Бул абал «Алла бардык нерсени жараткан жана ар бирине таандык тартипти түзүп тагдырын белгилеген» жана «Анын катында бардык нерсе өлчөлөт» деген аяттарда ачыкча айтылган.

Өкүм жана жаратуу деген мааниге келген кырсык болсо Улуу Алла мурунтадан белгилеген нерселердин убагы келгенде иш жүзүнө ашуусу. Кырсык Алланын жаратуу сыпаты менен байланыштуу түшүнүк. Ушуга караганда жандуулардын жаратылуусунда эки баскыч бар. Биринчиси Алланын жаратылгандар тууралуу өкүмү жана аны белгилөөсү, экинчиси мезгил ичинде буюмдун ушуга жараша жаратылуусу.

Ыйман негиздеринин бири болгон тагдырга жана кырсыкка ишенүү жаман – жакшы, ачуу - таттуу, жандуу – жансыз бардык нерсени Алланын билүүсү, тилөөсү, кудурети, колдоосу жана жаратуусу менен болгонуна, Алладан башка жаратуучунун жок экенине ишенүү демек. Ислам түшүнүгүнө караганда дүйнөдө болгон жана келечекте болгон бардык нерсе, Алланын илими, эрки жана жаратуусу менен болууда. Улуу Алла адамдардын эрки менен тандай турган нерселердин кайда жана кандайча тандаларын мезгили менен чектүү болбогон так илим менен билет. Мезгили келгенде да кишинин тандоосу менен аны жаратат. Алланын бир нерсени билүүсүнүн, кишинин эрки жана тандоосунда зордоочу таасири жок. Адамдар кыймылдарын өз эрки менен аткырышат, Улуу Алла билгени үчүн жасашпайт. Ошондуктан кылгандарынан жооптуу болушат. Адамдар тагдырды шылтоолоп жоопкерчиликтен кутула алышпайт.

Адам кээде эркинин тышында бир топ окуяга дуушар болот. Кураанда : «Жер жүзүндө жана өз напсиңиздерде учураган эч бир жамандык жок, биз аны жараткандан мурда бир китепте жазылбасын. Эч шексиз бул Алланын оюу боюнча оңой»,- деп айтылган. Башка бир аятта да : «Бизге Алланын жазганынан башка эч нерсе келбейт»,- деп айткын деген. Эрк болбостон чыккан окуяларда адамдын жоопкерчилиги жок. Бирок көрүлө турган чаралардан жооптуу. Себептерге таянбоо жана чара көрбөө, исламдын тагдыр түшүнүгү менен дал келбейт. Азырети Пайгамбар керектүү чаралардын көрүлүүсү менен мусулмандарды эскерткен.

Ислам аалымдары тагдырды, ички жүзүн Алланын биле турган нерсесине сыр катары карашкан. Себеби мезгил жана жер менен чектелген адам акылынын, чексиз бир диний илим, эрк жана кудуретти түшүнүү жөндөмдүүлүгү жок. Тагдыр темасын так чечүүгө аракет кылуу мүмкүн болбогон нерсеге талапкер болуу демек. Бул үчүн Азырети Пайгамбар тагдыр темасын талкуулагандарды эскертип, бул тууралуу талкууну ылайык көргөн эмес.

Ислам тагдырга ишенүүнү ишеничтин негизи катары белгилеген. Бирок жалкоолукка тыюу салган. Ислам салты ар бир жакшылыктын Алладан, жамандыктын адам напсисинен келгени боюнча курулган. Ошондуктан тагдырга ыйман кылуу мусулмандарда жоопкерчилик аң – сезиминин өнүгүүсүндө таасирдүү болгон.

Тагдырга ыйман кылуу дүйнөдө бардык нерсенин бир тарип, план жана программанын алкагында экенин кабыл алуу демек. Бул ишенич адамды дайыма программа менен иштөөгө түртөт, максатка багыттайт. Тагдырга ыйман кылуу адамдардын эрктүү жана эркин экендерин кабыл алууну керек кылат. Бул негизинен дүйнөдө пикир жана ой эркиндигинин өнүгүүсүндө маанилүү факты болгон.

Бардык нерсенин Алладан экенине ыйман кылган адам андан келген бардык нерсеге ыраазы болот. Турмуштун оор жүгүнөн кутулуп жана рухунда бейпилдикти сезет. Бул үчүн пайгамбарыбыз «Тагдырга ыйман кылган киши санаа жана кайгыдан алыс болот»,- деген.



Тектеш кабарлар